Menu

Жогорку Кеңеш чын эле таркаш керек

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеште депутаттар илең-салаң эле иш алып барып жатышкандай. Жыйын өтүп жатканда карасаң сербейген эле беш-алты депутат отурушат, элдин баарынын кнопкаларын басышып. Бул боюнча бир тартипке келе албай коюшту. Элдин маселесин чечээрде эч кимиси жок, ал эми өздөрүнүн маселесин чечээрде чогулуп калышат. Мындай парламенттин кимге кереги бар? Ынтымагы жок, жыйындар абысын айтыш менен коштолот. Жогорку Кеңеште “Ата-Мекен” менен СДПК фракциясынын депутаттары кайым айтышып, микрофон талашат. Өзгөндө жер көчкү түшүп, жыйырма төрт жаран ылайдын алдында калды. Парламентте сөз талашкандар, Текебаев үчүн жанын бергендер, Атамбаев үчүн жанын бергендер эмнеге кырсык болгон жерге басып барышпады? Анан да элдин атынан сүйлөп коюшканда күйөсүң да күйөсүң. Жогорку Кеңеш тараш керек, бул жалпы элдин каалосу.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: