Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү уйкучу чиновниктерден арыла албай, ишибиз оңунан чыкпай, экономикабыз артка кетип жаткан окшобойбу? Андай эмес десе, анда эмне себептен биринчи эмес, экинчи жолу парламенттик отурумда уктап калган айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевди кызматтан айдабайт? Бу Керималиев болгондо да “Депутат Экмат Байпакпаевдин ветеринардык көзөмөл системасын реформалоо жана ЕАЭбге кошулуу боюнча милдеттердин аткарылышы жөнүндө кайрылуусун” карап жатышканда уктап жатпайбы! Буга нааразы болгон депутат Жыргалбек Турускулов “парламент уктай турчу жай эмес”, деп буркан-шаркан түштү.
ЕАЭБге кирип алып, продукциясын сыртка чыгара албай отурган элге эми түшүнүктүү болду артка кетип жатканыбыздын себеби. Керималиевге окшогон чиновниктер күнү-түнү уялбастан уктап отура берсе, экономикабыз мындан да начарлайт. Сокем болсо уйкучуларга тиешелүү чара көрбөй, президенттикти кыялданып, асманда учуп жүрсө, анда келечектен үмүт үзө беришибиз керек окшойт?
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ