Белгилүү журналист жана сатирик жазуучу Султан Акторпоктун (Жумагулов) “Кыргызча жашоо бормулалары” аталыштагы китеби жарык көрдү. Китепке автордун өткөн кылымдын соңку жылдарынан берки карай чыгармалары кирди. Совет доору урай баштаган жана эгемен мамлекет болуу, б. а. эски менен жаңы доор тогошкон мезгилдеги кыргыз турмушу чагылдырылган. Жаңы кылымга чейинки жазылган аңгемелеринен шаар турмушуна жаңыдан үйүр ала баштаган кыргыздардын ар кыл тагдырлары камтылган. Бир катар сатиралык чыгармалары советтик бюрократияны жана кыргыз турмушундагы өксүк каада-салттарды ашкерелейт. Китептин 2-бөлүгүндө автордун публицистикалык макалалары басылды. Анда негизинен кыргыздардын жашоо образы, ой жүгүртүүсү, үрп-адаттарынын көбү өсүп-өнүүгө кедергисин тийгизип жатканы тууралуу сөз болот. Китеп Бишкектеги “Имак” басмаканасында басылды.
Булак: “ПолитКлиника”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ