Ош мамлекеттик юридикалык институтунун жамааты Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 72 жылдыгынын урматына атайын ишембиликке чыгышып, аны эмгек майрамына айлантты. Анткени уюшкандыкта уланган ишембиликте өздөрүнүн демилгеси менен катышкандар көтөрүнкү маанайда эмгектеништи. Алар аталган жогорку окуу жайдын короосундагы гүлзарлардын астын чаап, жумшатып, жапайы чөптөрдөн тазалашты. Бак-дарактар акталып, иретке келтирилди. Бул туурасында ОшМЮИнин басма сөз катчысы маалымдады.
– Жеңиш майрамын өзгөчө тазалык менен көтөрүнкү маанайда тосуп алабыз, -дейт ОшМЮИнин ректору юриди ка илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов.
Чындыгында институттун студент жаштары Ош шаарынын Манас ата кичи районундагы Исхак Разаков, Уркуя Салиева атындагы көчөлөрдүн жээктериндеги арыктарды, тратуарларды тазалап, таштандылардан арылтты. Гүл көчөттөрүнүн астыларына жөөк ачып, сугарууга даярдап коюшту. Алардын уюшкандыкта аткарган эмгегинин натыйжасында кичи райондун аймагы көркүнө чыгып, шаардыктарга жана келген конокторго жылуу сезим ыроолоп, майрамдык маанай тартуулоодо.
«Шаарыбыздын тазалыгы үчүн!» деген демилге менен чыккан институттун жамааты ишембиликти мындан ары уланта бермекчи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ