Жанагы Арсланбек Малиев деген «киргиздин» өткөн сандардагы макаласын окуп алып, абдан зээним кейиди. Кыргызда башына мүшкүл иш түшкөн адамга колунан келсе жардамын аябайт. Ал болсо Текебаевди ыксыз жамандаптыр. «Партиябыздын акчасын алып бербей койгон. Текебаев аферист» дегенге чейин барыптыр. Түрмөдө жаткан кишини да ушинтеби, а эмнеге мурун айтпайт? Эмне, «Текебаев ошо түрмөдөн чыкпай калсын» дегениби? Өмүрбек ушул бойдон эле темир тордун артында калмак беле? Кийин чыкканда экөө кантип бет карашат? Малиевдин башына мындай мүшкүл иш түшпөсүн. Өзү тыңдап кыргызча сүйлөгөндү билбей туруп, анан кантип кыргызга жан тартмак эле? «Турсам өлөсүң!» деген жаман кыргыздар бар. Ошол сыңары, шайлоодо утулуп калып, эл колдобогонун көрүп туруп, шайлоо системасына доо айтканы туура эмес. Колунан келбегенден кийин унчукпай эле оокатын кыла берсе болбойбу. Эркек мүнөз Жылдыз Жолдошовага жамынып алып, этегине эрмешип эмне кылат? Кыйын болсо өз алдынча эле чыкпайбы, аял кишинин аброюн пайдалануу менен күн көрбөй, анан элге акыл айтканды ким коюптур?! Арсланбек мырза, катуу айтсам кечирип кой.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ