Ооганстандын түндүгүндө жашаган этникалык түркмөндөр «Талибан» кыймылы менен «Ислам мамлекети» тобунун кол салуусунан коргонуу үчүн элдик кошуундарга биригүүдө.
«Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына караганда, акыркы кездери этникалык топтордон турган коргонуу кошуундарынын жана аларга кошулган жергиликтүү тургундардын саны кыйла көбөйдү. Бул аймактагы коопсуздуктун начарлашына байланыштуу.
«Акыркы айларда коопсуздуктун абалы кескин начарлап кетти. Буга байланыштуу жергиликтүү калк колго курал алып, кошуундарга биригүүгө аргасыз болушууда. Азыр Шордепе районунда эле 10дон кем эмес топ бар», – деп жазды басылма.
Куралдуу топтордун биринин командири Абдул Менан алардын катарында эле 27 эркек жана 2 аял өлгөнүн айтты:
– Бизде мүлктөрдү, уйларды сатып, анын акчасына курал-жарак алып «Талибанга» жана «Ислам мамлекетине» каршы чыгуудан башка аргабыз калган жок. Биз аларды күч менен кууп чыгабыз.
Түрдүү маалыматтар боюнча Ооганстанда 1 миллионго жакын этникалык түркмөн жашайт. Алар өлкөнүн жалпы калкынын 2-3% түзүшөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ