Нангархар провинциясында ооган жана америкалык аскерлердин операциясы учурунда “Ислам мамлекети” террордук тобунун жергиликтүү уюгунун лидери Абдул Хасиб өлтүрүлдү. Бул тууралуу Reuters кабарлады.
Операция 27-апрелде жүргүзүлгөн. Бирок Хасибдин өлгөнүн Пентагон расмий түрдө 7-майда тастыктады.
АКШ аскерлеринин маалыматы боюнча Хасиб жоочулардын көптөнгөн кол салууларын уюштурган, алардын арасында марттын башында ооган куралдуу күчтөрүнүн госпиталына жасалган чабуул дагы бар.
Апрелдин ортосунда АКШ алгач ирет Ооганстанга өтө кубаттуу өзөктүк эмес авиациялык бомбасын таштаган. Жыйынтыгында “Ислам мамлекети” тобунун 36 согушкери жок кылынган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ