Menu

Темирлан Ормуковдун Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго кайрылуусу

Бөлүшүү:

Урматтуу Сооронбай Шарипович, мен бүгүн жубайым экөөбүз таарыныша кеттик. Буга чынында сиз күнөөлүүсүз. Өз проблемасын менден көрөт дебеңиз, чын эле сиз себепчисиз. Анткени сиздин Жогорку Кеңештеги отчётуңузга ишенип, мен жубайымдан: “силер 14 миң сом айлык алат турбайсыңарбы, тигине Сооронбай акем айтып жатат” десем, жубайым “лично мен 9 миң алам, калганын ошол Сооронбайдан сура” деп салды. Мындан тышкары жубайым “биздин мектепте 6-7 миң сомдон алгандар деле бар” деген жаңылыкты билдирди. Мен аябай ачуум келди, сиздин аброюңузду коргоп: “Сооронбай акем калп айтпайт, сен жалган сүйлөбө, бакыйган премьер-министр билеби, же мектепте жүргөн сен билесиңби?” – деп уруштум.

Сооронбай Шарипович, албетте менин аялыма окшогон мугалимдер билбей эле айта берет. Сиздердей үкөсү депутат, акеси премьер-министр болгон касиеттүү, асыл адамдарга даана-так белгилүү да. Азыр айрымдар: “шаарыбыздын көчөлөрүнүн абалы начар, оңдолбойт” деп жатышат. Мындай сөздөр толугу менен жалган, шаарыбыздагы көчөлөр түзүк, сонун оңдолуп эле турат. Бирок бул көчөлөрдү бузуп, талкалап салып жаткандар биз, азиздер коомундагыларбыз, биз таяктарыбыз менен тыкылдатып, жолдордун асфальтын чукуп салып жатабыз. Элдер ар кандай сүйлөй берет, аларды угуп эмне кыласыз, андан көрө өзүңүздү ойлоңуз.

Айтмакчы көз кандай? Тирсек айыктыбы? Дагы биздин клиникага качан келесиз? Мен биздин азиздер коомунан бир таяк алып койдум, кокус сиздин экинчи көзүңүзгө тирсек чыгып кетип, көзүңүз көрбөй калса сизге керек болуп калабы деп. Андай болуп кетпейт деп ким кепилдик бере алат? Ар ким эле каргап-шилеп жатса, болуп кетиши толук мүмкүн. Экинчиден, сиздин отчётуңуз… тээ илгери Союз мезгилинде, көзүңүзгө тирсек чыга электе жазылган отчётту байкабай окуп алдыңыз окшойт. Болбосо көздүү адамдын отчёту фактыларга шайкеш келип турмак… Капа этпеңиз, мен сизге эле сарсанаа болуп жаздым…

Айтмакчы тиги ажоңордон сурагылачы -менин сотум качан башталат, жакшылап талап кылбайбы “камагыла” деп эле… Мен эч нерсени танбай баарына күнөөлүүмүн деп мойнума албадымбы, дагы эмне керек? Же “Текебаев менден да миллион доллар алган” деп чыгайынбы… Деги кандай кылсам силерге жагат???

Отчётту берди Сооронбай,

Айтылды бүтүн доо калбай.

Кыяматта берерсиз,

Калганы болсо дооланбай.

Отчётту сизден угабыз,

Түшүнбөй бирок турабыз.

Бюджетке пул жетпесе,

“Мульти-байдан” сураңыз.

Аман-эсен болгула,

Алдыга максат койгула.

Арам өлбөйт мугалим,

Алгач силер тойгула.

Ар кандай жазып оолугам,

Акынча сындап тооругам.

Акыры сизди күтөмүн,

Азиздердин коомунан.

Темирлан Ормуков

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: