Menu

Фотобаян – Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” сейил багында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы салтанаттуу майрамдалды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-Майда Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” сейил багында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Совет элдеринин Улуу Жеңишинин 72 жылдыгына арналган майрамдык салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Майрамдык салтанатуу иш-чаранын алдында Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин көчөсүнөн Красина көчөсү менен жүздөгөн шаардыктар “Өлбөс полк” аттуу жүрүш жасашып, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөрүшүп, “Жеңиш” багына агылып келишти. Ал эми жүздөгөн спортсмендер Советтер Союзунун Баатыры Тукукбай Тайгараевдин эстелигинен  “Жеңиш” багына чейин жөө чуркап келишти.

Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган майрамдык салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларына “Өчпөс ысымдар” аталышындагы театралдаштырылган көрүнүш тартууланды.

Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамдык салтанатынын катышуучулары Жалал-Абад шаарынын “Жеңиш” багындагы Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган мекендештерибизге арналып тургузулган эстелик менен түбөлүк отко гүлчамбарларды коюшту. Андан соң майрамдык салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды.

Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган майрамдык салтанаттуу иш-чараны Жалал-Абад шаарынын аскер комиссариатынын аскер башчысы, капитан Мирлан Кадыралиев алып барды жана алгачкы куттуктоо сөзүн КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевге берди

—      Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамы менен    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын. 9-май – Улуу Жеңиш майрамы биз үчүн унутулгус ыйык майрам болуп саналат. Адамзаттын тарыхындагы эң кандуу жана эң катаал Улуу Ата Мекендик согуш жер жүзүндө терең жаракат калтырды. Ошол кандуу 1418 күнгө жана түнгө созулган Улуу Ата Мекендик согушта Кыргызстандын  калкынын ар бир алтынчы адамы колуна курал алып, ыйык мекенин душмандардан коргоо үчүн аттанган. Көп улуттуу элибиз согуш жылдары “Бардыгы фронт үчүн, бардыгы Жеңиш үчүн!” деген ураан алдында эки эселенген күч-кайрат жана Жеңишке болгон бекем ишеним менен эмгектенишкен. Биздин ата-бабаларыбыздын ынтымагы менен биримдиги, октон жалтанбай ажалга тике карап, өлүмдөн кайра тартбагандыктары Улуу Жеңишти камсыз кылды десек туура болот. Биздин ардактуу аталарыбыз, кадырман согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери Мекенибизди чындап кадырлап сүйүшөөрүн кан-жаны, бүтүндөй өмүрү жана ак эмгектери менен далилдешти.

Улуу Ата Мекендик согушта Жалал-Абад областынан 7 адам Советтер Союзунун Баатыры деген ардактуу наамга татыктуу болушкан. Биз бүгүн терең сыймыктануу менен жердештерибиз Тукубай Тайгараевдин, Розы Азимовдун, Евдоким Мазковдун жана Михаил Бабкиндин ысымдарын сыймыктануу менен эскеребиз. Алардын Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн улуу эрдиктери жана  жаркын элестери элибиздин эсинде түбөлүккө унутулбай сакталат.

Ошол каардуу согушта Жалал-Абад областынан 30 миңден ашуун эр-азаматтар согушка аттанышкан болсо, алардын ичинен 18 миңден ашуун мекендештерибиз Ата-Журтуна кайтпай калышкан.    Учурда областыбыздын аймагында 84 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, 116 ооруктун катышуучулары жана апаат согуштан күйөөлөрү кайтпай калган 520 жесир энелерибиз жашап жатышат.

Сиздердин Улуу Ата Мекендик согуштагы өлбөс-өчпөс эрдигиңиздер жана согуштан кийинки тынч бейпил заманды кайра куруудагы  өрнөктүү жана күжүрмөн эмгегиңиздер өсүп келе жаткан жаш муундарыбыз үчүн ар дайым сыймыктануу сезимин жаратып, аларды мекенчилдикке тарбиялайт десем жаңылбаймын.

Экинчи дүйнөлүк согуштан жер жүзүндө 50 миллионго  жакын көптөгөн улуттардын өкүлдөрүнүн өмүрлөрү бейкүнөө кыйылган. Адамзаттын тарыхындагы бул оор трагедияны  эч качан унутууга  болбойт. Улуу Жеңишти колго киргизген ата-бабаларыбыздын урпактары өсүп келе жаткан жаш муундар арасында алардын мекенди сүйүүгө болгон тунук сезимдерин күчөтүү менен аларда мекенчилдикке болгон бийик жана  улуу күчтү жандандырууга жетишүүбүз керек. Улуу Ата Мекендик согуштагы ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдиктери биздин  жаштарыбызга сыймыктануу сезимин жаратуучу ыйык жана улуу мурас болуп калышын зарыл деп санаймын.

Сиздердин улуу эрдигиңиздерге биз ар дайым башыбызды ийип, таазим этебиз. Сиздер ар дайым  биздин катарыбызда болгула, жашообуз бейпил болуп, ар дайым мекенибизде балдарыбыздын күлкүсү жаңырсын, асманыбыз ар дайым ачык болсун. Улуу Жеңиштин 72 жылдык даңктуу майрамы баарыбызга куттуу болсун! Дагы бир жолу Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен кадырлуу согуштун жана ооруктун ардагерлери!,- деди ыйгарым укуктуу өкүл кыянбек Сатыбалдиев.

Улуу Жеңиштин даңктуу 72 жылдык майрамы менен Жалал-Абад шаарынын тургундарын жана конокторду Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери  Сафин Гаффан, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы консулу Николай Кондуров, КРнын Жогорку Кеңшинин депутаты Айнура Осмонова,  облусттук ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев жана облустук Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлер кеңешинин төрагасы, полковник Мамазакир Мамадияров куттукташты.

Улуу Ата Мекендик согушта кайтпай калгандардын жаркын элестерине арнап Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз Закиров куран түшүрдү. Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамы облустун бардык район-шаарларында жогорку деңгээлде салтанаттуу майрамдалды.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: