Menu

Сооронбай Жээнбеков: Улуу жеңишти алып келген аталарыбызга таазим этип, бүгүнкү тынчтык жашоо үчүн ыраазычылык билдиребиз

Бөлүшүү:

Улуу жеңишти алып келген аталарыбызга таазим этип, бүгүнкү тынчтык жашоо үчүн ыраазчылык билдиребиз, – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда, Улуу жеңиштин урматына арналган улуттук оюндар боюнча мелдештин салтанаттуу ачылышында. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мекендештерин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш менен куттуктап, согуш талаасында 360 миңден ашык кыргызстандык күрөшкөнүн эске салды.

“150 миңден ашык биздин мекендештер орден, медалдар менен сыйланышып, алардын ичинен 73 жердешибиз Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болушкан. Тилекке каршы, ардагерлерлин саны жыл санап азайып, азыр арабызда 640 гана согуштун ардагери калды. Биз аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын эрдиктерин эч унутпастан муундан муунга өткөрүп, көөнөрбөс үлгү катары айтылып туруш керек”, – деди Өкмөт башчы.

Сооронбай Жээнбеков ат оюндары жөнүндө сөз кылып, улуттук оюндарга зор көнүл бурулуп, алар дүйнөлүк спорттук аренага чыгып жатканын белгиледи. Көк бөрү, Эр-эңиш боюнча Азия чемпионаттары, ал эми интеллектуалдык оюн катары эсептелген Тогуз коргоол боюнча эл аралык чемпионаттар өткөрүлүп жатат.

“Кыргыз Өкмөтү улуттук оюндарды өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүнүн үстүндө иш алып барууда. Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен бир нече ирет “Ак-Кула” ат майданын реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча кеңешмелер өтүп, бул максатка тийиштүү каражат бөлүндү. Биз шаардыктардын жана борборубузга келген коноктордун эс алуусуна жакшы шарт түзүп, купулуна толуусу үчүн бардык чараларды көрөбүз”, – деп белгиледи Премьер-министр.

Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине жана Бишкек мэриясына “Ак-Кула” ат майданын модернизациялоо боюнча долбоорду кийинки жумага даярдоо тапшырмасы берилди.

“2016-жылы өткөрүлгөн Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улуттук оюндардын кооздугун көрсөтүп, чет элден келген конокторду таӊ калтырды. Бабаларыбыздан мурас калган бул оюндардын башка өлкөлөргө да таралып, популярдуу болуп жатышы бизди абдан кубандырат. Өкмөт улуттук оюндардын өнүгүүсү үчүн мындан ары да максималдуу колдоо көрсөтөт”, – деп Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өз сөзүн жыйынтыктады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: