Menu

Казакстанда студенттерди «Нур Отан» партиясына кирүүгө мажбурлашууда

Бөлүшүү:

Алматыдагы Казак улуттук агрардык университетинин бүтүрүүчүлөрү окуу жайдан аларды президенттик «Нур Отан» партиясы үчүн акча чогултууга, айрымдарын партияга кирүүгө мажбурлап жатышканын билдиришүүдө.

Университеттин атын атагысы келбеген төртүнчү курсунун студенти президенттик «Нур Отан» партиясы үчүн 300 тенге бергинин билдирди. Айтымында, деканаттын өкүлдөрү акча бербегендер диплом жактоого киргизилбейт деп опузалашкан.

Ошол эле окуу жайдын дагы бир студенти аны мурда эле «Нур Отан» партиясына мүчө кылып койгондуктарын айтты.

Казак улуттук агрардык университетиндеги «Нур Отан» партиясынын өкүлү Тимур Сейилханов студенттер мамлекеттин саясатына ыраазы экендигин белгиледи. «Биз эч кимди мажбурлаган жокпуз. Партияга кирүүнү каалагандар өздөрү келип форманы толтуруп кетип жатышат. Биз ал формаларды текшерип чыгабыз, анткени партиянын катарына баарын эле кабыл ала бербейбиз. Билимдүү, зээндүү жана туура көз караштагы жарандарды гана тандап алабыз», – деди Сейилханов.

Окуу жайдын окуу жана окуу-методикалык иштер боюнча проректорунун милдетин аткаруучу Бахыт Халыкова студенттердин даттануусу боюнча текшерүү иштери жүрүп жатканын айтты. «Бул жөнүндө мен Instagram түйүнүнөн окудум. Студенттерди биз мажбурлаган жокпуз. Ар бир адамдын өз тандоосу бар. Азыр текшерүү иштери жүрүп жатат», – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: