Menu

2018-жылдан баштап жолдордон акы алынат

Бөлүшүү:

Кыргызстанда жол көйгөйү бир эле айдоочулар менен карапайым элдин эмес, мамлекеттин да чоң баш ооруусуна айлангандыгы түшүнүктүү. Бирок транспорт жана жолдор министрлиги жол тармагын өнүктүрүү жана республикалык бюджетке женилдик кылуу максатында 2018-жылдан баштап жолдордон акы алуу сунушун киргизүүдө. Министрликтин өкүлү Нурлан Каимбаевдин айтымында, акы алынуучу жолдор 2018-жылы 26 чакырым, 2025-жылга чейин 500 чакырымга жетет. Муну жол тармагын өнүктүрүү стратегиясынын негизинде ишке ашыруу каралган. “Жолдорго акы алуунун эки жолу каралууда. Биринчиси – жалпы пайдалануудагы жолдорду өткөрөт. Экинчиси, жаны жол курулат. Ведомстволор аралык комиссия анын тарифин бекитип, баа саясатын аныктайт. Транспорт каражаттары жылдан жылга көбөйүп жатат, жаны түрү чыгып жолго көбүрөөк күч келип жатат. Ага ылайык бюджеттен бөлүнгөн акчаны көбөйтүш керек, ага мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан каржылоонун альтернативдүү жолдорун издеп жатабыз. Эгер айрым аймактардагы жолдорго акы төлөнсө, андан түшкөн каражаттардын эсебинен башка жакты ремонттойбуз. Акы төлөнчү жолдорго Куакы-Кочкор, өлкөнүн түштүгү менен түндүгүн бириктирчү жаны салынчу альтернативдүү жолу кирет”,- дейт ал.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: