Menu

Тажикстанда тоскоолдуктарга карабай “Өлбөс полк” акциясы өттү

Бөлүшүү:

Бийликтин каршы чыгуусуна карабай, 9-майда Дүйшөмбүдө жүздөгөн адамдар “Өлбөс полк” акциясына чыгышты. Милиция аларга жолтоо болгон жок.

Тажикстандын ардагер-интернационалисттер биримдигинин төрагасы Шавкат Мирзоевдин маалыматы боюнча иш-чарага 500дөй киши катышты. Анын айтымында, бийлик акцияны өткөрүүгө расмий түрдө тыюу салган эмес, тек сунуш берилген.

Буга чейин “Өлбөс полк” акциясы ислам баалуулуктарына каршы келет делинип президент бекиткен иш-чаралардын тизмесине кирбей калганы кабарланган. Бийлик өкүлдөрү саясий себептер жок экенин, чечим катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында гана кабыл алынганын билдиришкен.

«Өлбөс полк» акциясы 9-майда Орусиянын көптөгөн шаарларында жана мурдагы СССР өлкөлөрүнүн айрымдарында өтүп келет. Анда адамдар согушка катышкан туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүшкө чыгышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: