Menu

АКШ президенти Дональд Трамп ФБР жетекчиси Жеймс Комини иштен алды

Бөлүшүү:

АКШ Сенатында президент Трамптын коопсуздук боюнча мурдагы жардамчысы Майкл Филинндин орусиялык саясатчылар менен байланышы тууралуу ишти угуудан бир сутка өткөндөн кийин Акүй ФБР башчысы Жеймс Комини иштен алды.

Сенаттын юридикалык комитети Орусиянын АКШнын шайлоо кампаниясына кийлигишүүсүн дагы талкуулаган. Бул иликтөөнүн башында буга чейин Жеймс Коми турган.

Дональд Трамп ФБРдин мурдагы башчысына жолдогон катында отставканын себептерин түшүндүрдү. “Иликтөөнүн объектиси эмес экенимди үч жолу кабарлаганыңызга ыраазы болгонум менен ФБРди эффективдүү башкарууга кудуретсиз деген юстиция министрлигинин позициясына макулмун”– деп жазган ал.

Акүй атайын кызматтын жаңы директорун издөө токтоосуз түрдө башталарын билдирди. Коми мекемени 2013-жылдан бери башкарып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: