Menu

Орусияда кыргыз мигранттарына кысым күчөдү…

Бөлүшүү:

Москвадагы миграциялык долбоорлор менен иш алып барган “Утро мира” укук коргоо уюму Орусияда кыргыз мигранттары күч органдарынын кысымына кабылып жатканын билдирип чыкты.

Өзбекстандык укук коргоочу, Москвадагы “Утро мира” уюмунун жетекчиси Валентина Чупик “Фейсбуктагы” баракчасына полиция кыргыз мигранттарды жапырт текшерип, мыйзамсыз камап жатканын жазган. Анын маалыматына ылайык, 19-апрелде Москвада Калыбек Абдылда уулу, Бактыбек Адылбеков, Зайнабидин Арапов, Комрон Давлетов, Сыргакбек Досумканов, Сирожидин Зайнидинов жана Давронбек Эргашов аттуу кыргыз жарандары “бейбаштык” беренеси менен он күн камалып чыккандан кийин күч кызматкерлери тарабынан кайрадан кармалган.

Бирок Москвадагы кыргыз элчилигинин кызматкери Гүлбарчын Байымбетова “мигранттар жапырт кармоого дуушар болуп жатат” деген маалыматты четке какты. Орусияда укук коргоо органдары пландуу текшерүүлөрдү өткөрүп жатканын белгилеген элчиликтин өкүлү укук коргоочу жогоруда атаган жарандар “миграциялык мыйзам бузган” дейт.

Апрелдин башында Санкт- Петербургда 16 кишинин өмүрүн алган жардыруудан соң Орусияда – мигранттарды текшерүү күчөгөнү кабарланган. Айрыкча кыргыз паспортун көтөрүп жүргөндөргө көзөмөл күчөгөнүн кыргыз мигранттары өздөрү социалдык сайттарга жазышууда.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: