Menu

Жылдыз Мусабекованын сөзүнө филологдун көз карашы: “Абдан өкүнүчтүү, ал сөздү эркек киши айтса да одоно болмок. Адамдык, аялдык этиканын жок экендиги”

Бөлүшүү:

Азыркы мамлекеттик кызматкердин, депутапардын сүйлөө маданияты, жүрүм-турумунун деңгээли кандай? Мамлекеттик кызматтын этикасы, протоколдук эрежелер сакталабы? Чиновниктер, эл өкүлдөрү кандай сапаттары менен коомго үлгү болушу керек? Бул багытта “Азаттык” үналгысынын “Арай көз чарай” талкуусуна филология илимдеринин доктору, профессор Үмүт Култаева жана Нарын облусунун мурдагы губернатору Алмаз Акматалиев катышкан. Үзүндү жарыялайбыз…

– Үмүт эжеке, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова менен журналист Үпөл Анаркулованын телефон аркылуу сүйлөшүүсү социалдык тармактар аркылуу коомчулукка таркап кетип, кызуу талкуу жаратты. Сиздер бул сүйлөшүүнү кандай кабыл алдыңыз, аны бир эле көрүнүш деп элес албай койсок болот беле?

Үмүт Култаева: Абдан өкүнүчтүү, ал сөздү эркек киши айтса да одоно болмок. Аял кишинин ошондой сөздөрдү айтып жатканы эч бир адамды кайдыгер калтырган жок. Бул көрүнүш депутаттык этика эле эмес, жөнөкөй эле адамдык, аялдык этиканын жок экендигин билдирет.

– Алмаз мырза, сиз совет заманында, эгемендүүлүк жылдары да мамлекеттик кызматтарда болдуңуз, бир топ жыл биринчи жетекчи орундарда иштедиңиз. Мамлекеттик кызматкердин же депутаттын коомдук статусу кайсы бир нерсеге милдеттендиреби?

Алмаз Акматалиев: Негизи депутатка, мамлекеттик чиновниктерге коомдун көңүлү, талабы башка болот. Бул маселени эки тараптан карасак болот. Биричиден, «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзам бар. Ошол мыйзамда мамлекеттик кызматкердин этикасы, жүрүм-туруму жөнүндө атайын беренелер бар. Декларация толтуруу деген сыяктуу ж.б. көптөгөн милдеттер камтылган, бул укуктук жагы.

Экинчи жагы, кыргызчылык баалуулуктарга таянып, жалпак тил менен айтканда “чоң болгон адам” дайыма элдин назарында. Жетекчи адам мыйзам болбосо деле үлгүлүү болушу керек. Ал адам мамлекеттин, элдин алдындагы жоопкерчиликти сезе билиши зарыл. Мисалы, бир айылдан чыкпаган адам сөгүнүп-сагынса ошол айыл эле билет. Ал эми мыйзам чыгарып жаткан адамдын же министрдин коомдогу орду, жасай турганы башка.

Азыр ар бир адамдын чөнтөгүндө бир эле мезгилде фотоаппараты, диктофону, видеокамерасы бар. Баары коомдун көзөмөлүндө турарын ошол саясатчылары, милициясы, бандиттери да эске алышы керек. Ошого жараша өзүн алып жүрүшү керек.

XXX

Жогорку Кеңештин мурдагы, азыркы чакырылышынын айрым депутаттарынын орунсуз сөздөрү, чет элдик сапарларындагы аракеттери кыргыз дипломатиясына кедергисин тийгизгени айтылууда.

– Үмүт эжеке, мамлекеттик жетекчилер, министрлер, депутаттардын сүйлөө маданиятына, тилди колдоно билүү деңгээлине изилдөөлөрдү жүргүзүп жүрөт деп уктук эле, анын жыйынтыгы кандай болду?

Үмүт Култаева: Мактана турган эч нерсе жок. Айрым учурларда мен депутаттардын айткан сөздөрүн кагазга түшүрүп турам. Кыргыз тилинин сүйлөө маданияты, сүйлөм куруу структурасы деген бар. Депутаттардын сөздөрүндө эрежелердин көбү жок, орусча-кыргызча аралаштырып сүйлөгөндөр же кимдир бирөөгө опурулуп сүйлөгөн учурлары көп эле болот. Бул эмнени көрсөтүп турат? Жогорку даражадагы кызматтарга татыктуу адамдардын тандалбагандыгы, барбагандыгын айтып турат.
Илгери кадр тандоонун, табиялоонун чоң мектеби, тажрыйбасы бар болчу. Атайын окуулар уюштурулчу. Бүгүн андай жок. Баары партиялык системага өтүп кетти. Ар бир партияда тазалык боюнча идеологиясы болушу керек. Эгерде партия мүчөсү элге, коомго жагымсыз иштерди жасай турган болсо анын жоопкерчилиги партияда каралышы керек. Жүгөндү шыпырып салып, агытып койгондо болбойт.

Конфуций “элди мыйзам менен башкарса кылмыш көбөйөт, каада-салт менен башкарса адептүүлүк орнойт” деп айткан. Кыргыздын дүйнө таанымынан алып караганда адамдын наркы анын сүйлөгөн сөзүнөн билинет. Эгер анын сөзү туура эмес болсо, анын жан дүйнөсүндө, аң-сезиминде да туура эмес ойлор бар деген жыйынтык чыгарсак болот.

– Алмаз мырза, чет өлкө тажрыйбаларына таянсак, Англия парламентинин лорддор палатасы коомдун таза, ак сөөк өкүлдөрүнөн куралат, аларга ишеним чоң. Көпчүлүгү өмүр бою депутат болушат экен. Бир жолу депутаттыкка тандоодо талапкердин бардык сапаттары туура келип, бир убакта банктан алган насыясын убагында төлөй албай калганы үчүн лорддор палатасына өтпөй калыптыр. Мүмкүн Кыргызстанда депутатты тандоо критерийин киргизүү керектир?

Алмаз Акматалиев: Коомдо биздей окумуштуулар, сиздердей маалымат каражаттары бийликти, ошол эле депутаттарды таразалоо, тазалоо боюнча маселелерин байма-бай кое беришибиз керек. Бизде азырынча партиялык система жок, партиялык идеология жок, партиялык тартип жок. Ким көп акча депутат болушу үчүн “алтын тизмеге” кирет.

– Үмүт эже, бир чоң мамлекеттик жетекчи аксакалдарды “акшакалдар” деп атаса, дагы бир журналист “дүжүр чалдар” деп жазып койду эле, коомдук пикир ага жараша түзүлүп, “аксакалдарга сый-урмат жоголду, ишеним кетти” деген пикирлер бар, сиздин оюңуз?

Үмүт Култаева: Албетте, бул эч кимге аброй алып келбейт. Кыргызда “Карысы бардын – ырысы бар” деген накыл кеп бар. Бул жерде- эки фактор бар. Биринчиден, «кара кылды как жарган” карыя болуу да чон искусство. Биздин жетимиш жылдан ашуун акыркы тарыхыбыз ушул руханий чоң байлыгыбызды өчүрүп салгандай. Нар кескен кылычтай сөз айткан Түгөлбай Сыдыкбековдой аксакал деп, азыр кимди көрсөтөбүз?

Экинчиден, бизде кандай болбосун улуу кишиге акарат айтуу болгон эмес. Аны сактоо сиз менен биздин, баарыбыздын парзыбыз.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: