Menu

Роза Отунбаеванын кедергиси кимге тийет?

Бөлүшүү:

Экс-президент Роза Отунбаева кайрадан бийликке келүүгө аракет жасап атканы, бирок өзүнүн бүгүнкү дарамети жетишсиз болуп, Өмүрбек Бабанов аркылуу «таластыктар» урааны менен тымызын иштей баштаптыр. Аныгында, Роза айым Бабановго жакындаса эле кедергиси тийе турганында шегибиз жок. Себеби, ал Убактылуу өкмөттүн төрайымы болуп турганда июнь коогалаңы чыгып, түштүктө канча адамдардын каны төгүлгөн? Ошондо жогорку жетекчилик шалаакылык кылбастан, алдын ала чараларды көрсө болот беле? Айтор, бу жаатта суроолор арбын. Кандай болгон күндө да, июнь окуясы Роза Исаковнанын бетине чиркөө болуп калганы коомчулукта ушу кезге чейин айтылып келет. Дагы бир жагы, ал батышчыл саясатчы болгону менен Борбор Азия жана Россиянын биримдиги, сгратегиялык өнөктөш катары ынтымагынан аттап өткөндөй мамиле жасаганы коңшуларга жакпай турганы маалым. Мына ушундай шектүү сапаттары жагынан алганда, албетте, ал кайсы гана талапкерге жакындабасын терс таасирин тийгизет. Эми көрөбүз го, Бабанов апчесинен баш тартабы?

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: