Тажикстанда 2015-жылы «Ислам мамлекети» тобунун катарына кошулуп кеткен ИИМдин атайын бөлүгүнүн мурдагы башчысы Гулмурод Халимовдун улуу баласы Бехруз Халимов кармалды.
Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, 18 жаштагы Бехруз апрелде Дүйшөмбүнүн аэропортунда кармалган. Ал Орусияга барып, андан ары Сирияга атасына кетүүгө ниеттенген. Учурда Бехруз тергөө абагында камакта.
Буга чейин туугандары анын кармалганын ырасташкан. Айылдаштары Бехруздун Сирияга барууга камынып жаткандыгы тууралуу маалыматты четке кагышууда. Айтымдарында, атасы качып кеткенден кийин үй-бүлөнү багуу улуу баласынын мойнуна жүктөлүп, ал Орусияга иштеп келүү үчүн кеткени жаткан.
40 жаштагы Халимов согушкерлердин катарына кошуулуу чечимин тажик ИИМиндеги тартиптерге, анын ичинде мусулман кийимдерин кийүүгө тыюу салынгандыгына нааразы болгондугу менен түшүндүргөн. Тажик чалгын кызматынын маалыматы боюнча ал тез эле ИМ тобунун лидерлеринин бирине айланып, анда аскердик министрдин милдеттерин аткарып жүргөн.
Тажикстандын Башкы прокуратурасы Гулмурод Халимовго каршы үч берене боюнча кылмыш ишин козгогон. АКШ анын кайсыл жерде жүргөндүгү тууралуу так маалымат бергендерге $3 млн сыйакы убадалаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ