Menu

Мирбек Асанакуновдун интригалары азырынча токточудай эмес

Бөлүшүү:

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчилигине КСДПнын эркеталтаңы Мирбек Асанакунов дайындалганы жамаат ичи тынч эмес. Президент Атамбаевге артын такап, ал кишинин атын сатканы буга чейин далай ирет жазылганы жалган беле? Кызыгы, КПФ башчылыгына көчүк басканына аз убакыт болсо дагы кызматына караштуу бир катар санаторийлерге «өздук адамдарын» алып барууга далбастап, алардын алдынан «тамак майламай» иш-аракетин кылганы чынбы? Өткөн аптада Жалал-Абад курортуна мурунку башчы Максат Абышкаев убактылуу кызматынан (шайлоого катышканына байланыштуу) бошотулуп, анын ордуна Эркебай Маткеримовду дайындай коюшту эле, жамаат жаңы жетекчини киргизбей, акыры жаңжалдашуу менен араң токтоду. Асанакунов тармакты ич ара тартипке сала албаса, буга чейинки иштеп келген кадрларды өгөйлөсө, анда жарытылуу жетекчи болуп деле жыргатпайт го? Же аялы бийликчил партиядан депутат, өзү ажонун командасындагы жакын адамы болсо эле билген боткосун чала береби? Тескерисинче, сөз тийгизбей, тыңгылыктуу иштебейби?!

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: