Menu

Төрөбаевге «Ата Мекен» оосо, РАЖ өз алдынча кетет, «Кыргызстан» менен «Бир Бол» КСДПнын талапкерине баш байлашат

Бөлүшүү:

Убакыттын өтүшүнө карай саясый карталар ачыла баштагандай. Бу саам Жогорку Кеңештеги саясый күчтөрдүн алдыдагы аракеттерине саресеп салып көрөлү. Шамал кайда соксо, алар ошол жакка имерилишет да. Туруштук бергендери, же жоошугандары жагынан баам салалык.

Эсиңерде болсо, буга чейин камактагы Өмүрбек Текебаевдин президенттик шайлоого аттана турганы боюнча маалыматты «Ата Мекен» партиясы тараткан болчу. Тилекке каршы, сот процессинин башталуусу менен талапкерлердин катталуусуна чейин эле Өмүкеге өкүм угузулуп, андай укугунан ажыратып салуу жагы каралууда. Албетте, бул катуу сокку! Ошондо «Ата Мекен» фракциясынын айласы түгөнүп, бирок, тилектештик кылуу менен оппозициячыл «Өнүгүү-Прогресстин» лидери Бакыт Төрөбаевди колдоп чыгышары реалдуулукту жаратат. Бакыт мырза бүгүнкү  күндө бийликке каршы коркпой чыккан фигура катары элге алынып баратканы менен айырмаланууда. Эң башкысы, капчыгы калың болсо эле Акүйдүн баш оорусун жаратат эмеспи…

Ошол эле кезде «Республика – Ата Журт» фракциясы Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин алып чыгышканы, учурда катуу иштеп атышканы маалым. Азырынча башкаларга салыштырмалуу Бабановдун таскагы катуулап баратат. Элдин назары түштү. Бирок, бийлик кандайдыр бир айла-амалдар менен жолун тосууга кызыкдар экени, а тим койсо таасири мындан дагы катуулай берери турган иш. Андыктан, бут тосуу, чалма ыргытуу жагы күн тартибине кириши ыктымал. Ким билет? Эгерде БӨТтүн колуна «эки чылбыр бир тизгин» тийчү болсо, иш жүзүндө Алмазбек Атамбаевди аямыш этип, бирок, бүгүнкү «май кармаган» чиновниктердин көпчүлүгүн мыйзам алдында жазалап, коррупция менен күрөшүүнүн жогорку үлгүсүн даңазалап салышы ажеп эмес.

КСДП расмий түрдө президенттик шайлоого кимди алып чыгышарын айта элек. А бизге жеткен маалыматтар боюнча, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун чыга турганы дайын болду. Ошондо Сокени бүтүндөй административдик ресурс колдоп, парламенттен КСДП, «Кыргызстан», «Бир Бол» фракцияларынын депутатгары жер-жердеги электораттары менен катуу ишке бел байлашары айкын. Аныгында, азыр баары Алмазбек Атамбаевдин гана командасын күтүп атышат. Чоң шеф качан буйрук берет, ошондо кошоматчылар кумурскалардай күжүрмөндүк менен ишке киришерин образдуу түрдө элестетип көргүлө. Бир жагынан Тайырбек Сарпашевдин «акылдуу эсептегичи» турганда ойдогудай жыйынтык чыгаруу кеп бекен?..

Кыскасы, азырынча түзүлгөн негизги картина ушундай. Бул учурдагы так көрсөткүч! Ал эми саясат аялдын көңүлүндөй өзгөрүлмө экенин эске алсак, анда дагы да кызыктарга күбө  болобуз.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: