Мурда Канат Исаев «Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп турганда билесиңер, анын өз көз карашы, саясый позициясы бар болчу. Чындыкты айтуудан коркпой, өткүр эле. Ар дайым адилеттүүлүк багытта саясат жүргүзүп келген. А бүгүнкү «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмаз Батырбеков «эт менен челдин» ортосундагы бир байкуш экен. Президентгик аппараттын буйругун күтүп гана жалтактап отурганы байкалууда. Демилгеси жок, эптеп күн өтүп, жеке тирилиги өтсө болду, анан жогору жактын буйругун «кыңк» этпей аткарууга шымаланып эле турат. Илинчээги бар да, кыйшаңдаса кылмыш иши козголуп, тагдыры жарга асылып калышы мүмкүн. Ошон үчүн «ойт берүүдөн» тартынып, опколжуп жашап жүргөн кези го?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ