Экс-БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов президенттик шайлоого аттана турганын буга чейин жазганбыз. Ал ошол позициясын бекемдеп, алдыга жылып баратканын көрүп атабыз. Азырынча каарманыбыз пиар иштери менен анчалык алагды болбогону, бирок инсандык ресурстарды, электораты күчтүү лидерлерди акырындан өзүнө тартып атканы белгилүү. Барган сайын Туй байкенин таасири күчтөнө турганын сезгендер арбын. Аныгында, РАЖ менен КСДПдан сүйлөшүүгө бара турган олуттуу фигуралар план түзүшүп, биригүү боюнча ойлорун айта алышпай бушайманга батышыптыр. Түндүк-түштүк элитасы сыйлаган Абдраимовдун бул боюнча ою кандай экени азырынча белгисиз. Бирок, чоң саясат сүйлөшүү жолдору менен бышат эмеспи. Сыягы, жакынкы күндөрү бу жаатта кызык жаңылыктар болмокчу…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ