Menu

Жылдызкан Жолдошова: “Биздин тандемге бирөө “чок” салгысы келип жатат”

Бөлүшүү:

“Азия Ньюс” гезитинин өткөн санына Жамгырчы Таштанбеков аттуу жигит сүрөтүн, дарегин, телефонун жазбай, «Тоң районунан болом» деп Арсланбек Малиев жөнүндө адилетсиз ой-пикирлерин жазып, жарыяланган.

Биринчиден, Ж.Таштанбеков деген жаран барбы? Албетте жок, бул кимдир бирөө, бирөөнүн «заказын» аткарганы байкалып калды. Андыктан, мен айтат элем, А.Малиев эмес, ошол «заказчик» мажирөө экен, Таштанбековдун артына бекинип алып, жигиттерге таандык эмес мамилесин көрсөткөн. «Ушинтип жазып койсом, Малиевди коомчулукка жаман көрсөтөм» деген оюңар болсо, жаңылышасыңар. Себеби, коомчулук Арсланбек Малиев ким экенин жакшы билет. Жогорку Кеңештин үч жолку чакырьшышынын депутаты, чет элдик өлкөлөр арасындагы достук коомунун төрагасы, күчтүү бизнесмендердин бири, канчалаган жардамга муктаж адамдарга жардамын аябаган, намыскөй, эч бир коррупцияга аралашпаган, таза саясатчы, адамгерчилиги бийик, беш баланын атасы, кыргыз элинин мыкты уулу экенин эл билет.

Ал эми «Курманжан Датка» атындагы коомдук кайрымдуулук фонд менен «Аалам» саясый партиясы 2015-жылы саясый тандемге барып, биргелешип мамлекетибиз, элибиз үчүн кызмат кылып келе жатканыбызга бүтүндөй калк күбө. Өмүрбек Текебаев «Аалам» партиясынан 60 миң доллар алганы жөнүндө тастыкталган документтер жана күбөлөр бар, чындык чычалатат. Жамгырчыга айтайын дегеним, биз Тоң районуна барганыбызда, райондун тургундары А.Малиевдин депутат катары районго жасаган иштерин айтып бүтүрө алышпады. Жолугушуулардагы мындай жылуу маанайга мен өзүм күбө болдум. Жамгырчы, гезитке жазаардын алдында ошол өзүңүз жашаган райондун тургундарынан Малиев жөнүндө бир ооз сурап койбопсуз. А.Малиевдин жасаган эмгектерин, албетте,
сиз бирөөсүн да жасай электигиңиз ачык-айкын көрүнүп турат. Балким биздин саясый тандемибизге бирөө «чок» салгысы келгендир… Убара болбогула, майнап чыкпайт, себеби Арсланбек Малиев да, Жылдызкан Жолдошова да бир гана эл үчүн кызмат кылышат. Өз кызыкчылыгын ойлобой, элге кызмат кылган жерде ынтымак бар экенин унутпагыла.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: