Menu

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Эгер 7-апрелге чейин Максим Бакиев менен жүргөнүмдө, азыр Атамбаевдин оң колу болуп отурмакмын…”

Бөлүшүү:

Акаев, Бакиев бийлигинен бүгүнкү күнгө чейин коомчулукту эриктирбеген, дайыма ачуу жана таамай ойлору менен белгилүү Байсаловго байланыштуу соңку суроолорду жолдоп, ынанымдуу жооп алууга үлгүрдүм. Акыркы кезде каарманыбыз прессада популярдуу болуп атпайбы, маектешүүбүз маңызына жетсе керек…

– Эдил мырза, сизди бийликчил маалымат булактары 2010-жылдан кийин ашкере байып кеткениңизди жазууда. Мисалы, Бишкекте бир канча үйлөрүңүз бар экен, Ысык-Көлдө жер тилкелериңиз көбөйүп, ошого катар коттедждериңиз курулуп атыптыр… Булар кайсы кирешенин негизинде пайда болгон?

– Мен, чынын айтсам, ушуларды укканда кадимкидей шок болдум. Эми башкасы аз келгенсип, мени ууру жана коррупционер кылып көрсөтүшөт экен да, э? Кыргыздын сөзү бар го (кичине уятыраак, бирок айла жок, муну башка сөз менен айта албайсың), «осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат» дебегенде не дейбиз? Менин байлыгымды санай тургандай, мен эмне мамлекетте иштедим беле, туугандар? Мен ашып кетсе беш ай министрдин орун басары болуп ишке киришкенде, кыргыздын «үмүтү» жана азыркы «генийи» Талиевага жакпай калып, ал жерден айдалбадым беле? Андан башка эч качан мен же болбосо туугандарым акыркы 100 жылдын ичинде бийликке жакын жологон жокпуз, кокуй!.. Эсиңерде болсо, биринчилерден болуп чет өлкөдөн инвестиция алып келдим. Он сегиз жашымда ошол швейцариялык фирмалардын атынан Иркутск, Новосибирск, Хабаровскиге чейин филиалдарды көзөмөлдөдүм. Килейген Силаев менен кичинекейимде «суроолорду» чечип жүрдүм. Төлөйкан Исмаилова эжеге капыс жерден жолугуп калып, анын чакыруусу боюнча НПОлордо иштеп калдым. Ал жерде акча үчүн иштеген жокмун, бирок ушул эле бийликчил гезиттер Акаев менен Бакиев доорунда, бир канча жыл мурда эле менин долларларымды санап жүрүшпөдү беле – эми ушул абсурдду карасаңар! Рахмат дагы бир телеканалга, калыстык кылып, «азыр андай мүлк иттин уулу Байгарада деле бар» деп айтышты. Ошондой мүлкүм болгон күндө дагы, эмнеге менде болбосун? Ичиң күйөт кадимкидей. Баягы, «алсаң да алдың, албасаң да алдың» деген кыргыздын сөзүнө
баракелде! Мен актангым да келбейт, чынын айтсам. Милдеттүү да эмесмин. Байлыгым болгон күндө дагы! Бирок, эң кызыгы, мунун баардыгы карандай калп. Кайдагы квартира? Кайдагы коттедждер? Баягы «осурак кызды» ошон үчүн эстедим, жалгыз эле курулай амал да булардыкы. Таза адамды көөлөш керек. «Ошондо эл дагы айырмабызды билбей калат» деп ойлошот. Бирок, эл мени жакшы билет, кичинекейимден тааныйт! А буларга ишенбейт! Буларга кантип ишенсин?!

– Бүгүн ү күнгө чейин бийликке каршы чыккан дээрлик оппозиция лидерлери камакка алынганы маалым. Сизди да камап койбойбу? Себеби, Атамбаевди соңку убакта Байсаловдон ачуу сындаган киши жок болуп калды…

– Бу жагынан эч ким таң калбайт. Болбогон эле жалаа менен 25 жылга кесилип атышат. Соттор жабык эшиктин артында өтүүдө. Мындай качан болду эле? Бирок, мен коркпойм. «Корксо да коён өлөт, коркпосо да коён өлөт». Мен акмын! Элиме эмгек кылып, акыйкаттык үчүн күрөшөм, «азыр да камап коёт экен» деп унчукпай калбайм. Кеп Атамбаевди сындаганда эмес. Ал өзү деле кетет жакында. Кеп -азыр кээ бир күчтөр ошол Атамбаевди колдонуп, элди, мыйзамды тебелеп, таза шайлоолорду бурмалап, «мураскерди дайындап коёбуз» дегендеринде. Атамбаев го кетет! Ал киши буюрса, биздин биринчи пенсияга чыккан толук кандуу президентибиз болот. Ал кандай башкарды аны тарых чечмелесин. Коркунуч ошонун тегерегиндеги мурунку президенттердин «куйруктарында» болуп атат. Ошолор мамлекетибизди тескери жолго салууга батынышып, Акаев менен Бакиевди жардан кандай түртүшсө, азыр да ошондой «медвежья услуга» кылып жиберишсечи? Мына коркунуч!

– 2007-жылы парламенттик шайлоо астында сизге кылмыш иши козголуп, өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болгонсуз. Ал учур элдин эсинен чыгып калды окшойт. Ошол кылмыш иштин чоо-жайын кайра эскерип бербейсизби?

– Ал «кылмыштын» тарыхына келсек – мен ошондо Атамбаевдин жанында, ошол кишини колдоп, таламын активдүү талашып жүргөнүм үчүн козголгон. Башкалардай болуп, ал кишини сатып кетпей, Бакиевдер сунуштаган кызмат-белектерден баш тарткам. Азыр кээде ойлонуп калам, мен ошондо Бакиевдерге жакшы кызмат кылганымда, 7-апрелге чейин Максим Бакиевди коштоп, аны жетелеп Вашингтонго чейин алып барып калсам, азыр Атамбаевдин жанында отурмак белем? Оң колу болуп. Байкасаныз, азыр Атамбаевдин тегереги дал ошолордон түзүлгөн. КСДПнын курамын айтпай эле коёюн… Ал эми 2007-жылдагы бюллетендердин чатагы – Жаныш Бакиев БШКга буйрук берген «баардык тиражды жокко чыгарасыңар, ошонун чыгымын жыйырма эсе көбөйтүп, Байсаловдун мойнуна жүктөйсүңөр» деп. Муну ошол кездеги баардык кызматкерлер жакшы билишет. «Бул иш дагы эң туура тергелсин» деп мен 2010-жылы Отунбаеванын жанынан өз ыктыярым менен кеткем. Башкалардай болуп телефон менен прокурор-сотторду чакыртып алып, жаптырган эмесмин. Кадимкидей жөө жалаңдай прокуратура, РИИБ, сотторго барып аттым, натыйжада, козголгон иш жабылган.

– Ошондо Бакиев бийлиги сизди камакка ала турган болгондо, «Медиа Форумдан» капыл-тапыл качканда, кара плащыңызды кийгенге үлгүрбөй калдыңыз эле. Ал плащ көпкө чейин ээсин күтүп, чаң басканча илинип турду, акыры бирөө кийип кетсе керек, жок болду. Ошондон кийин ырымсынып, плащ кийбей калганыңызды байкайм, чын элеби?..

– Сиз ошол тарыхты көп айтасыз, анткени, баарын билесиз, ошол учурларда Атамбаевди сизден көп жазган журналист жок болчу… Эми плащ боюнча тамаша кылып да айтсак болот. Тилекке каршы, бул мен үчүн чоң трагедия эле. Мени «качтың» деп далай кишилер күнөөлөп жүрүшөт, бирок ошондо чыгып кетпегенде, мен зулум бийликтин барымтасына түшүп, баардык демократиялык лозунгдар менин жеке тагдырымдын суроосуна айланмак. Мен так ошондой чыккынчылыкка 100 эсе күнөөлүү болмокмун. Калганын айтпай эле коёюн. Бул медалдын башка жагы да бар. Мен көпкө чейин аябай ызаланып жүрдүм, «ошол бюллетень чатагы чыкпаганда, саясаттын биринчи эшелонунан түшпөй калмакмын» деп. Анан бир аксакал ошонумду угуп, айтып атпайбы, «Эдил, ошондо депутат болгонуң да, ошол жерде эң катуу чыркырап чыкмаксын дагы, биринчи болуп сен жок болмоксуң» дегенден кийин гана «тагдыр деген ушул турбайбы» дедим. Менин Кыргызстаныма кызмат кыла турган күнүм дагы алдыда!

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: