АКШ колдогон сириялык козголоңчулар 10-майда “Ислам мамлекети” экстермисттик тобунун курчоосундагы Табка шаарын кайтарып алды. Муну менен Ракка шаарына чабуул жасоого жол ачылды.
Табка “Ислам мамлекети” тобу борбор кылып алган Ракка шаарынын батышынан 40 чакырым аралыкта жайгашкан. Жоочулардын карамагында Раккадан башка ири калаалар жана калктуу конуштар калган жок.
Күрд жана араб аскерлеринен куралган Syrian Democratic Forces (SDF) альянсы Табка үчүн ИМ тобу менен бир нече жума катары менен согушту. Аз мурун альянс Кошмо Штаттардан курал-жарак алган. Аны менен бирге АКШ жетектеген эл аралык коалиция абадан чабуул жасоого дагы көмөк көрсөттү.
SDF альянсынын кеңешчиси Насер Хадж Мансур плотинага жакын жайгашкан шаар толугу менен бошотулганын билдирди. АКШ президентинин ИМ тобуна каршы күрөшүү боюнча атайын өкүлү Бретт Макгерк Твиттерде жоочулардын мизин кайтарууга мүмкүн болгонун жазды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ