Menu

Иран лидери президенттик шайлоону тынч өткөрүү зарылдыгын эскертти

Бөлүшүү:

Ирандын Жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи 19-майга белгиленген президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракети болсо катуу чара көрүлөрүн жарыялады.

Хаменеинин 10-майдагы билдирүүсүндө улуттук коопсуздукка коркунуч жараткандар күчтүү соккуга кабыларын эскертти. Иран лидери эгер жарандар президенттик шайлоого мыйзам жана ислам нормаларын сактоо менен катышышса, шайлоо – Ислам Республикасынын сыймыгынын булагы болорун айтты.

“Эгер мыйзам бузулса, душмандарыбыздын чырагына май тамызган ахлаксыз аракеттерге жана сөздөргө жол берилсе, анда шайлоо – жоготуу болот”,-деди Хаменеи.

Иранда аятолла мамлекеттик башкаруу иштеринде акыркы сөзгө ээ.

Иран президенти Хасан Роухани экинчи жолу шайлоого катышмай болду. Шайлоодо ал эки олуттуу атаанаш менен ат салышат. Алардын арасында Хаменеинин колдоосуна ээ өлкөнүн мурдагы башы прокурору Ибрагим Раиси дагы бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: