Menu

Муратбек Мукашев жаш муундарга өрнөк болчу кадам жасады

Бөлүшүү:

Экс-депутат, парламенттин мурдагы спикери, чыгаан банкир Муратбек Мукашев өткөн аптада атасы Мукаш аксакалдын, энеси Турдукан энебиздин мааракелик даталарын белгилеп, кичи мекенине эскерүү кечесин өткөрүп, куран окутту. Тектүү жердин кулуну болгон каарманыбыздын атасы Мукаш аксакал кезегинде Токмок, Кегети аймагындагы абройлуу инсандардан болгондугу, байбичеси экөө 11 баланы окутуп-чокутуп, өзү чыккан өрөөнгө өтөлгөлүү эмгек өтөгөндүгү эскерүү кечесинде замандаштары тарабынан кызуу эскерилип, жылуу пикирлер жолдонду. Атанын баласына арзыган банкир каарманыбыз жалпы мукашевдердин, ага-тууган, куда-сөөк, таяке-жээн, жердештеринин башын чогултуу менен ата-энесинин бу жалганда артында сыймыктуу из калтырып, өрнөктүү жашап өткөндүгүн эскерип, үлгү алчу иш-чараны өткөрүп, мындай даражага жеткирген ата-энесинин рухунун алдында башын ийип, таазим кылды. Аныгында, мындай шике кыргыздын каада-салт, кеп-сөз билген инсандары гана баш байлайт эмеспи. Ылайым ата-энеңизге арнап окуткан кураныңар кабыл болуп, алардын рухтары силердей укум-тукумун колдоп жүрүшүнө тилектешпиз!

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: