Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча Президент Атамбаев Пекин шаарында 2017-жылдын 14-15-майында өтө турган “Бир алкак – бир жол” эл аралык Форумунун ишине катышуу үчүн Кытай Эл Республикасына жумушчу сапар менен барат. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Форумдун ишине катышуу учурунда ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаевдин Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу болжолдонууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ