Menu

Бабанов менен Путин сүйлөшүп алышканбы?

Бөлүшүү:

9-май күнү Өмүрбек Бабанов согуш ардагери В.Бабуркин деген 92 жаштагы аксакалдын үйүнө барып, аны куттуктап жатканын интернеттен көрүп калдык. Ветеранга орден-медалдары тагылган кителин кийгизип, машинасына салып алып өзү айдап, экөө гүл саткан дүкөнгө кирип, андан ары Өчпөс отко барышты. Ал жерден Бабуркин аксакал жаштарга мекенди сүйүү тууралуу сүйлөп аткан… Анан эле ошол күнү орус президенти Владимир Путин да бир кездеги жетекчиси, согуш ардагери Л.Матвеевди туулган күнү жана Жеңиш майрамы менен куттуктап, үйүнө барып калса болобу? Ой деген күлүк да, шыр эле «Путин менен Бабанов 9-майда ушундай кылууну сүйлөшүп алышканбы?» деп калдык. Анын үстүнө, президенттик жарыш жакындап, Путин мырза биздин талапкерлерди чубатуудан өткөрүп жатышы да мүмкүн эй. Убагында экөө эки өлкөнүн өкмөтүн башкарып, иштешип калышпады беле? Бирин-бири жакшы билет да. Кыскасы, темирдей тартипти жактырган Путин биздин Бабанов байкебизге көзү түшүп кала турган болсо, таң калбай эле коёлу. Ток этери, эки үлкөн лидердин Улуу Жеңиш күнүндөгү төп келишкен кадамдары тегин жерден болбосо керек…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: