Menu

Кыргызстандын санариптик телерадиоберүүгө өтүүсүнө байланыштуу маселелерди чечүү үчүн ыкчам штаб түзүлөт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн билдиришине караганда, 2017-жылдын 15-майынан тартып Кыргыз Респуликасынын санариптик телерадиоберүүгө өтүүсүнө байланыштуу маселелерди өз убагында чечүү үчүн санариптик телерадиоберүүгө туташтырууга жардам көрсөтүү жана үзгүлтүккө учуроолорду жоюу үчүн техникалык адистердин көчмө тобунан турган ыкчам штаб түзүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын санариптик телерадиоберүүгө өтүүсү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында билдирди.

Штабдын курамына тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, мекмелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыны жетекчилери кирди.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин маалыматы боюнча азыркы учурда республика боюнча 54 санариптик передатчик орнотулган, бул өлкө калкынын 95% санариптик телеберүү менен камсыздайт. Калктын калган 5% 326 калктуу пункта “радиобайланыш жетпеген аймактарда” жашагандыктан санариптик телеберүү камтыла элек. Аталган калктуу пунктттардын жашоочулары үчүн аналогдук телеберүүлөрдүн көрсөтүүлөрү 2017-жылдын 15-майынан кийин да сакталат. Мындай чара 326 айылдын жашоочуларын санариптик телеберүү менен камсыздоо үчүн 211 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду толук орнотуп бүткөнгө чейин жүргүзүлөт. Аталган жабдууларды коюу үчүн келишим түзүлдү. Азыркы кезде 9 ретранслятор жеткирилип орнотулду. Жакынкы күндөрү өлкөгө айрым калктуу пункттарга орнотуу үчүн ретрансляторлордун кезектеги бөлүгү алынып келинет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: