Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2017-жылдын 12-майында улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылган күнүнө карата күмүш коллекциялык монеталарды сатуу боюнча аукцион өткөрөт. Бул туурасында КРУБнын басма сөз кызматы маалымдады.
Эл аралвк рынокто Кыргызстандын айрым коллекциялары (чектелген санда сатылуучу) КМШ өлкөлөрүнүн монеталарынын ичинде жогорку рейтинге ээ. Ушундан улам, Улуттук банк коллекционерлерге 25 жыл ичинде чыгарылган, кайталангыс өзгөчөлүккө ээ, сейрек кездешуучу коллекциялык монетарларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн дагы бир жолу сушутайт.
Аукцион катышучуулары он бештен ашуун монета – 1995-жылы “Манас эпосунун 1000 жылдыгы” урматына чыгарылган алгачкы коллекциялык кумуш монета, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун талантынан жаралган чыгармаларга арналган, 2010-жылы өткөн сынакта калыстар тобунун жогорку баасына татыктуу болгон “Ч.Айматов” монетасы, ошондой эле “Улуу женишке 70-жыл” кумуш монетасы сунушталат.
Улуттук банктын коллекцииаялык монеталарды дүйнөлүк нумизмат рыногунда Кыргызстанды татыктуу чагылдырып көрсөтүү, анын жетишкендиктерин даңазалоо максатында чыгарып келет. Эстелик монеталарда эгемен өлкөнүн тарыхындагы урумтуу учурлар чагылдырылган. Алтын жана кумуштөн жасалган монеталар эл аралык “проф” сапатына ээ жана заманбап техннологияларды колдонуу менен өзгөчө дизайнда жасалат.
Бардык монеталар тышкы таасирлерден коргоо максатында акрил желимчесине капталып, сертификаты менен кошо өзүнчө кутуга салынган.
Бардык жеке адам же юридикалык жактар аукциондун катышуучусунан болот алат.
Эсептешүүлөр накталай жана нак эмес ишке ашырылыат.
Аукционго күрөөсүз катышууга болот.
Аукцион, Бишкекек шаары, Чуй проспекти 168 а, дареги боюнча жайгашкан “Тунгуч” теартрныны имартында саат 16. 00 өтөт.
Лоттун номери | Лотту түзгөн күмүш монеталар: | Баштапкы баа (сом) |
1 | «Манас эпосуна 1000 жыл» монетасы | 5 000 |
2 | «Аркар» монетасы | 5 000 |
3 | «Акмаңдай гүл» монетасы | 5 000 |
4 | «Ташрабат» монетасы | 5 000 |
5 | «Улуттук валютага 10 жыл» монетасы | 5 000 |
6 | «Кызматташуунун Шанхай уюму» монетасы | 5 000 |
7 | «Өзгөн архитектуралык комплекси» монетасы | 5 000 |
8 | «Улуу Жеңишке 60 жыл» монетасы | 5 000 |
9 | «Улуу Жеңишке 70 жыл» монетасы | 5 000 |
10 | «Чынгыз Айтматов» жана «Манас эпосуна 1000 жыл» монеталары | 10 000 |
11 | «Архар» жана «Хан-Теңири» монеталары | 10 000 |
12 | «Акмаңдай гүл» и «Хан-Теңири» монеталары | 10 000 |
13 | «Өзгөн архитектуралык комплекси» жана «Ташрабат» монеталары | 10 000 |
14 | «Улуу Жеңишке 60 жыл» жана «Улуу Жеңишке 70 жыл» монеталары | 10 000 |
15 | «Улуттук валютага 10 жыл» жана «Кызматташуунун Шанхай уюму» монеталары | 10 000 |
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ