Сузак районундагы Багыш айыл аймагына караштуу Шамшы Базарбаев атындагы орто мектептин имаратынын эскилигинен жана авариялык абалга кептелип калгандыктан ӨКМнин адистери ал жерде балдарды окутууга болбойт деген бүтүм чыгарган. Учурда аталган мектептин 315 окуучулары Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектепке барып, билим алып жатышат. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков кече Ж. Бөкөнбаев атындагы жатак мектепте болуп, окуучуларга татыктуу таалим-тарбия жана терең билим берүүдө мугалимдердин усулдук кабинеттери мезгил талабына такыр жооп бербегендигине күбө болгон. Эки мектептин окуучуларынын түшкү тамактандыруусун уюштурууда дагы так график сакталбагандыгын жеринде өзү көргөн.
Бүгүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков Жалал-Абад облустук билим берүү методикалык борборунун башчысы Акылбек Токтосуновду, Сузак районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Асылкан Раманкулованы, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Бечеловду жана аталган эки мектептин директорлору Бегайым Маматова менен Нургүл Сулайманованы чакырып, быйылкы окуу жылын аталган мектептерде талаптагыдай жыйынтыктоо жана орун алган кемчилдиктерди тез арада жоюу тапшырмасын катуу койду. Тагыраак айтканда, эки мектептин окуучуларынын талаптагыдай билим алуулары үчүн класстык бөлмөлөрдү туура бөлүштүрүү, окуучулардын түшкү тамактануусун уюштурууда так графиктин сакталышын, мугалимдер үчүн усулдук окутуу бөлмөсүн ажыратууну чечүү маселеси коюлду.
Сузак районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинде учурда 168 окуучулар билим алып жатышса, алардын ичинен 56 бала томолой жана жарым жетим балдар. Учурда жатак мектебинин электр энергиясына болгон карызы 180 миң сомдон ашып кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ