Menu

Чыңгыз Эшенов, юрист: “Жалал-Абад мэриясы жер саткан эмес”

Бөлүшүү:

Акыркы кездерде Жогорку Кеңештин трибунасынан айрым депутаттар Жалал-Абад шаарындагы 1 гектар жер тууралуу маселени кайра козгошуп, жергиликтүү бийликтерди жоопко тартуу жагын көтөрүп чыгышууда. Бул маселе мурда бир жолу көтөрүлүп, бирок кийин өз актуалдуулугун жоготкон болчу. Анын кайрадан көтөрүлуп жатышы, албетте, саясий кызыкчылыктардан улам болуп жатканы айтпаса да түшүнүктүү.

Бул маселе кантип жаралып калганы тууралуу эске салак кетели. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 2016-жылдын 8-февралында атайын билдирүү таркатып, анда ИИМдин 5-Башкы башкармасынын кызматкерлери Жалал-Абад областынын прокуратурасы менен бирдикте Жалал-Абад шаарынын кызмат адамдары материалдык баалуулуктарга мыйзамсыз ээ болуу максатында 2015-жылы жер участкаларын жеке менчикке мыйзамсыз берип жибергендигин аныкташкандыгы, шаар мэриясынын, архитектура башкармасынын, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Жалал-Абад шаарындагы мекемесинин, Мамкаттоо ишканасынын кызмат адамдары ЖАМКнын Жалал-Абад шаарындагы №10 мекемесине таандык жердин ээси жеке адамдар болуп калышына шарт түзүшкөнү, 6 миллион 178 миң сом зыян келтирилгени жана Жалал-Абад областтык прокуратурасы тарабынан КЖКнын 303-статьясы (“Коррупция”) боюнча кылмыш иши козголгону, тергөө амалдары жүрүп жатканы тууралуу айтылган.

Жалал-Абад шаарынын мэриясы өз учурунда бул маселеде эч кандай коррупциялык схема жана мыйзамсыз аракеттер болбогондугун расмий билдирген. Анткени, Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсү-23 дарегиндеги “өнөр жай, коммуналдык” зоналарында жайгашкан 1 гектар жер тилкесин “турак жай куруу” зонасына өзгөрткөн. Себеби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад шаарындагы №10 мекемеси атайын кат менен менен “турак жай куруу” зонасына которуу боюнча суранган. Анткени, ошол мекеменин кызматкерлери турак жайга өтө муктаж болушкан. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2014-жылы 4-декабрда ХIХ сессиясынын №6-токтомунун 2-пункту менен аталган жер аянты “калктуу конуштун жерлери” категориясына өткөрүлгөн. Кийин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 17-мартындагы №90 Токтому менен бул жер аянтында №10 мекеменин кызматкерлерине жеке турак жай курууга уруксат берилген. Анткени бул жер аянты мурдатан эле шаардын муниципалдык менчигинде турган.

Аталган жердин муниципалдык менчикте турганын төмөнкү фактылар далилдеп турат. Эмгекчилер депутаттарынын шаардык кенешинин аткаруу комитетинин 1970-жылдын 15-апрелдеги №129 чечиминин негизинде Жалал-Абад шаарынын №127 кварталынан 1,62 гектар жер участогу автогараж куруу үчүн 36/10 мекемесине берилген. Жазаларды аткаруу мамлекеттик №10 мекемесинин алдындагы чарбалык эсептеги №3 участкасы КР мамкаттоонун автоматташтырылган системасында Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 4-статьясынын 3-пунктуна ылайык муниципалдык менчик болуп катталып, 2012-жылдын 14-февралында жер участогуна мөөнөтсүз пайдалануу укугун тастыктаган Б№016904 мамлекеттик актысы берилген жана каттоо карточкасынын №3 бөлүмүндө оперативдик башкаруу укугу менен катталган.

Бул жер участогу Жалал-Абад шаарында системалык каттоо учурунда жер ээсинин укук тастыктоочу иш кагаздарынын жоктугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 4-статьясынын 3 беренесине ылайык шаардын чектеринде жайгашкандыктан муниципалдык менчик катары катталган.

ЖАМКнын 2014-жылдын 31-декабрындагы №2014-17532 арызынын жана Жалал-Абад областтык Юстиция башкармалыгынын юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндөгү №0013989 күбөлүгүнүн, уставынын негизинде жогорудагы жер участогу эки бөлөк жер участогуна бөлүнүп, жалпы аянты 1,0 га жер өз алдынча жер участогу болуп бөлүнүп чыккан. Жер участогуна мөөнөтсүз пайдалануу укугун тастыктаган Б №020893 мамлекеттик актысы берилип, каттоо карточкасынын №3 бөлүмүндө бул жер муниципалдык менчикте тургандыгы үчүн оперативдик башкаруу укугу менен катталган, сыр белгиси 3-10-01-0018-3649.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2013-жылдын 16-сентябрдагы №100/01-2241 жана Жалал-Абад шаарындагы №10 мекемесинин 10.11.2013-жылдын 10-ноябрдагы №10/8-666 каты менен Жалал-Абад шаардык мэриясына азыркы экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу мекеменин кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу максатында, ишканада иштетилбей бош жаткан 1 гектар жерин “турак жай куруу” зонасына өзгөртүп, жеке турак жай үчүн бөлүп берүүнү суранышкан.

Бул маселе боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы жер комиссиясы карап чыгып, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жарандык авиация агенттигинин, “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгынын, Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын, Жалал-Абад шаардык санэпидстанциясынын, Жалал-Абад шаардык өрткө каршы кызмат бөлүмүнүн корутундуларынын жана Жалал-Абад шаардык шаар куруу кеңешинин 2013-жылдын 18-ноябрдагы жеке менчик турак жай курууга жер тандоо актысы кабыл алынган.

Жогорудагы иш кагаздардын негизинде Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармасынын 2015-жылдын 18-мартындагы №564 архитектуралык-пландоо шарттары жана жер участокторго бөлүнгөн башкы план иштелип чыгып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 15-июнундагы 208-токтому менен №10 мекеменин кызматкерлерине жер участоктору берилген.

Ошентип, Жалал-Абад мэриясынын жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары бул жерде эч кандай мыйзам бузууларга же коррупциялык схемага жол коюшкан эмес. Жогорудагы аталган жер муниципалдык менчикте турат жана ага Мамкаттоонун автоматташтырылган каттоо системасындагы маалымат далил. Ал жер №10 мекеменин унаа гаражына мөөнөтсүз пайдаланууга берилген. Турак жай курууга уруксат берүү жагы да Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарына ылайык мыйзамдуу чечилген.

Укук коргоо органдары бул жер мамлекеттик менчикте турат, ал эми шаар бийликтери, тиешелүү шаардык структуралар ал жерди башка тарапка мыйзамсыз берип коюшкан деген айып тагышууда. Жердин кимдин менчигинде турарын Кыргыз Республикасында бир гана орган – Мамлекеттик каттоо кызматы гана аныктай алат. Ал эми Мамкаттоонун автоматташтырылган каттоо системасында бул жер муниципалдык менчикте турганы таасын көрсөтүлүп турат.

Мындан чыкты, шаардын жергиликтүү бийликтери эч кандай мыйзам бузууга барышкан эмес жана өз аракеттерин мыйзам талаасында жасашкан. Бирок, бул маселени айрым саясий күчтөр же жактар саясатташтырып, улам жаңылап, жергиликтүү бийликтерди терс жагынан көрсөтүү аракеттерин жасашканы ачык көрүнүп турат. Себеби, алдыда шаардык кеңештин шайлоосу турат, жергиликтүү бийликтерди жаман көрсөтүү аркылуу утуп кетүү аракеттери болбой койбойт деп айтуу ккыйын. Бирок, бизде “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген жакшы макал бар. Муну унутпаш керек. Эл кимдин ким экенин, ким эмне иш жасап жатканын, ким ак иштеп, кимдер интригалар менен алектенип жатканын көрүп турат.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: