Menu

Улан мырза уялбайт экен

Бөлүшүү:

Президенттин ишенимдүү кадры, ИИМ министри Улан Исраиловдун бети деле кызарбайт экен. Эч кандай реформа жасай алган жок. Иштеген ишинин дайыны билинбейт. Элементарный эле маселе милициялардын этикасына да көңүл бөлө алган жок. Учурда кызыл шапкечендердин карапайым адамдарга кылган мамилеси орой болуп, бандиттен айырмасы жок болуп калышты. Айрыкча мындай көрүнүш Аламүдүн райондук милициясында, Биринчи май райондук милициясында, Свердлов райондук милициясында байкалат. Адамдар менен мамиле кылганды билишпейт, тергөөчүлөр ачык эле акча сураган фактылар кездешип жатат. Ички коопсуздук кызматы иш алып барбай эле кадр маселесине биротоло минип алган. Тартип жок, ооздорун ачып эле Ак үй менен Көк үйдүн командасын күтүп отурушканы чын. ИИМди жөнгө сала албагандан кийин Улан мырза президентке кеңешчи болуп эле кетип калса…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: