Menu

Айгүл Асанбаева, Садыр Жапаровдун жубайы: “Садыр мага көп сөз айткысы келди, бирок айта алган жок”

Бөлүшүү:

Учурда камакта жаткан Садыр Жапаровдун абалын билүү максатында, анын жубайы Айгүл Асанбаевага байланышка чыгып, тергөө иштери, сот иштери боюнча маалымат алдык. 25-апрелде кармалып, тергөө иштери аяктаганча эки айга камакка алынган он эки адамдын соттук териштирүү иштери 19-майда Свердлов райондук сотунда каралып баштайт экен.

-Садыр байкеден кабар алып жатасызбы? Абалы кандай? Камерада кимдер менен отурат? Коопсуздугу сакталып жатабы?

-Ооба, ортодо адвокаттар аркылуу Садырдан кабар алып жатам. Эки айдын ичинде эки жолу жолуктум. Американын кинолорундагыдай, калың терезенин ары жагында Садыр, бери жагында мен телефон аркылуу сүйлөштүк. Камерада кимдер менен отурганын интернеттен окудум. Ал эми коопсуздугу боюнча эч нерсе айта албайм. Колу-мойну кесилип №47-колонияга түшкөндөн бери менин уйкум тынч эмес.

-Сизге ачыгын айттыбы колун кескени боюнча? Эмне себептен андайга барганын? Балким аны атайын заказ менен кылдырышкандыр?

-Садырга жолугууга киргенде мен ага көп суроо бергим келди, ал да мага көп сөз айткысы келди. Тилекке каршы айта алган жок. Мен анын өмүрлүк жары катары айтсам, Садыр эч качан андай ишке бармак эмес.

-Азыр камакка алынгандардан чыккандар барбы?

-Ооба. Камакка алынган он эки адамдын ичинен бирөөсү чыкты. Ал бала жөн гана таксист экен. Клиент алып келип, камалып калган экен.

-Тергөө ишпери кандай жүрүп жатат?

-Тергөө иштери аяктады. Бирок 25-апрелде чогулган элди укук коргоо органдары мыйзамсыз камакка алышкан. Муну элдин баарысы билет. Формасы жок, жарандык кийимчен балдар жүрдү, алар өтө шектүү балдар болчу. Адамдарды ур-токмокко алышты. Кармалгандарга адвокат киргизбей коюшту. Бул атайын даярдалган бийликтин сценарийи деп билебиз. 19-майда камактагы балдардын иши Свердлов райондук сотунда каралат. Соттук териштирүүдө чындык билинет деп үмүт кылып жатабыз.

-Садыр байкеге келбей эле кой, сени камайт деп айттыңыз беле?

-Садырды баарыбыз эле күтүп жатканбыз, чакыргандар мындан көп болгон. Бирок бийлик ушундай канкорлукка барат деп эч кимибиз ойлогон эмеспиз.

-Учурда сиздерге колдоо көрсөткөндөр болуп жатабы? Ташиев, Келдибеков деген бир кездеги пикирлеш, партиялаштары кандай жардам берип жатат?

-Бизди колдогондор көп, элден айланса болот. Жылуу сөзүн айтып, ар жердеги мекенчил мигранттардан видео кайрылуу кылып жатышат. Камакта жаткан он эки баланын тамак-ашына акча жөнөтүп жатышат. Бул жердеги мекенчилдер СИЗО-1гe кем-карчтарын киргизип берип жатышат. Мекенчилдер ушул убакытка чейин биздин үй-бүлөнү оор күндөрдө колдоп келишет.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: