АКШнын президенти Дональд Трамп Twitter баракчасына Украина жана Орусия ТИМ башчылары менен болгон жолугушуусу маалында тартылган сүрөттөрдү чыгарып, Киев менен Москваны «тынчтык келишимин түзүүгө» чакырды.
«Кечээ бир эле күндүн ичинде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин менен жолуктум. Келгиле, тынчтыкты орнотолу», — деп жазды Трамп сүрөттүн алдына.
Трамп Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкинди кабыл алары башта кабарланган эмес.
Украинанын чыгышындагы жаңжалдар 2014-жылы башталган. Европа биримдиги менен Кошмо Штаттар Орусиянын агрессиясына байланыштуу Москвага каршы санкцияларды киргизген. Трамптын администрациясы чектөөлөр Орусия 2015-жылы келишилген макулдашуунун шарттарын аткармайынча сакталарын билдирген
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ