Menu

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын фондунан Аюу айылындагы жер көчкү алдында калып каза тапкандардын жакындарына акчалай жардам көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү алдында калып, каза тапкандардын жакындарына жеке Төрагалык фондунан акчалай жардам көрсөттү.  Бул туурасында Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы маалымдады.

Жогорку Кеӊештин депутаты Аалы Карашев Төрага Чыныбай Турсунбековдун атынан жер көчкүдөн улам жакындарын жоготкон ар бир үй бүлөгө 80 миӊ сомдон тапшырды.

Эске салсак, Төрага Чыныбай Турсунбеков жер көчкү катталган күнү, 29-апрелде Аюу айылына барып, жакындарын жоготкондордон кабар алып, жергиликтүү эл менен жолуккан.

Жолугушууда Чыныбай Турсунбеков Өкмөттү кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюуга чакырып, жеке Төраганын фондунан каржылык жардам көрсөтүлөрүн убада кылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: