Menu

Ала-Буканын Өрүктү-Сай айылына 10 жылдык бүтүрүүчүлөр жаңы көпүрө курууда

Бөлүшүү:

Ааламга кеткен жол айылдан башталат. Ачык асмандын аңкыган абасынан дем алып нечендеген мыктылар айыл жергесинен ааламга таанылган. Анын сыңарындай мектепти аяктагандан соң 10 жылдык жолугушууга келе турган классташтар куру барбай сөзсүз белек көтөрүнүп мугалимдерин куттукташат.

Соңку мезгилде куттуктап эле тим болбостон ушундай бир көңүл кубанткан иштер жыл сайын 10-20 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан жүзөгө ашырылууда. Мисалы: айылынын кире беришине дарбаза куруп, жетим-жесирлерге жардам берип, үйү жокторго үй салып кубантып жатышат. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү-Сай айылындагы 2007-жылкы 10 жылдык Бүтүрүүчүлөр өздөрү өскөн айылына көпүрө куруп берүүнү колго алышкан. Бул тууралуу редакцияга классташтардын атынан Курманбек Ниязбеков билдирди.

Азыркы учурда көпүрө куруу иштери кызуу жүрүп жаткан кези. Тактап коё турган болсок Өрүктү-Сай айылына пайдалуу эстелик катары калтырууну 1989-жылы төрөлгөн жигиттер жапа тырмак жабыла жасашууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: