Menu

Графика сүрөтчүсү Үмит Дикмендин «Түрк элдери жана уламыштары», «Шаар аянтчалары» аттуу эки темада жеке көргөзмөсү өтөт

Бөлүшүү:

2017-жылдын 16-майында саат  14:00дө Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде графика сүрөтчүсү Үмит Дикмендин «Түрк элдери жана уламыштары», «Шаар аянтчалары» аттуу эки темада жеке көргөзмөсү өтөт.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм Өнөр Факультетинин, Графика бөлүмүнүн ага окутуучусу Үмит Дикмендин «Түрк элдери жана уламыштары», «Шаар аянтчалары» аттуу иллюстрация жана миниатюралар, кара калем жана графикалык программалар аркылуу тартылган иштери Кыргызыстанда алгачкы көргөзмө болуп саналат. Бул заманбап ыкмадагы иллюстрацияларды чагылдуруу идеясына автор атактуу кооз шаарларды гана эмес, түрк дүйнөсүнүн маанилүү маданий мурастарын да камтыган.  Автордун ар башка чыгармачылык жылдарында өзгөчө мамилеси  жана кылдаттыгы  менен тартылган отуз жети сүрөтүн көрүүчүлөргө сунуштаган.

“Манас  эпосу”, “Талас  согушу” , “Гундардын Улуу-Кытай чебин курчоосу”, “Атилла – гундардын башчысы”, “Ашина” жана “Алп Эр Тунга дастаны,  Тимур Ленг, Сатук Буура Хан, Жусуп Баласагын, Алымбек Датка, Томирис ханышасы ж.б;

Шаар аянттары:  Бишкек “Өчпөс от” “Ала-Тоо”, Украина “Коз карандысыздык”,  Астана “Байтерек”, Москва “ Кызыл аянт”,  Ашхабад, Монголия “Улан-Батор”, Таджикистан “Душанбе”, Азербайджан “Баку”, Татарстан “Казань”, Регистан (Самарканд), Македония “Скопье”, Чечен Республикасы “Грозный” өңдүү ж.б. аталыштагы миниатюр иллюстрациялары  дүйнө тарыхын, маданиятын  жандандыруу  максатында заманбап техникада кайрадан чагылдырып, салттуу искусствону  өнүктүрүүгө салым кошуу.

Тарых жана маданият жылынын алкагында – бул көргөзмө, Орто Азиянын жана Чыгыш өлкөлөрүнүн маданий мурастарын сүрөтчүнүн көзү менен көрүүгө мүмкүндүк берет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: