Menu

Карапайым эл Өкмөттөн жардам сурабаганы үчүн күнөөлүбү?

Бөлүшүү:

Доолбоордун ишке ашканы жакшы дечи, бирок карапайым элдин жашоосуна таасирин тийгизбесе, анда андай иш-чаранын кимге кереги бар? Дегеле мындай жаңыланууга болгон кадамдар жарандардын көйгөйүн чечпесе, тескерисинче аларга кошумча кайгы жаратса, бийлик өкүлдөрү же мамлекет башындагылар буларды ким үчүн жасоодо? Ар бир ШКУ(Шанхай Кызматташтык Уюму) жыйыны өткөрүлгөн сайын жол жээгиндеги бир катар газета саткан дүкөнчөлөр алдын-ала эскертүүсүз Мэрия тарабынын алынып жана да ээлеген ордунан башка жерге жылдырылышын талап кылып жатканын аталган күркөлөрдүн сатуучулары билдирди.

Чынара Гүлзөбаева:

– Биздин бийлик эмне болуп баратат, деги кайда бара жатабыз, баарынан ичимди күйдүргөнү акча үчүн карапайым элди чоңдор ойлобой калышканы. Анткени мына биз иштетип жаткан газета дүкөнчөлөрдүн иштеп жатканына бери дегенде 20 жылдын жүзү болду. Буга чейин дегеле шаар көркүнө ашыкча болбой эле кызмат кылып келгенбиз. Эми мына колубузда турган келишимге, керектелүүчү документтин бардыгына жада калса сураганда берген кошумча акчабызга карабай, кайра-кайра саан уйча саап жатканын кандай түшүнсө болот?! Мисалы, аны иштеткен адамдын баары жашы жетип калган жарандар, ал эми биздин мамлекетте жашы улгайып калгандар мындай турсун, жаш жогорку билимдүү жаштарды иш менен камсыз кыла албай жатышат. Эми минтип өзүн-өзү иш менен камсыздап жаткан жарандарды көрө албай, ар кайсы шылтоо менен акча өндүрүп, ишинин жүрүшүнө тоскоолдук гана жаратпастан, кайра шылдыңдап “сенин сатканың ушул эле газетабы” дешүүдө.
Ошондо мамлекет бизди багат деп отура беребизби,анткен күндө да бизди багууга мамлекеттин кудурети жетпейт. Анткени биздин көрсөтүп, көрсөтпөй берген акчаларыбыз бюджетке түшөөрүн да так айтуу кыйын. Мындай маселе менен мен эле эмес дагы бир топ күркө ээлери алпурушуп келет. Биздин өлкөдө бардыгы болуп 250 гезит саткан дүкөнчө болсо, анын 50сү гана мыйзамдуу түрдө иш алып барат. Ал эми мыйзамсыз иштегендерге эч нерсе кыла алышпай, саан уйдай кылып эле бизге асылышат. Бул маселени чечүү үчүн мэрияга кайрылсак алардын берген жообу: “силердики чоң “Народныйдай” болгон дүкөн болсо бир жөн, кенедей күркөңөрдөн мамлекетке эч кандай пайда жок” деди. Биздин мамлекеттен бир тыйын сурабай жан багып жатканыбыз мамлекетке пайда эмес экен.

Жамиля Абдразакова:

-Менин күйгөнүм калыстыктын жоктугу жана алкымы чоң адамдар бизди башкарып турганында. Жалгыз бой аялмын, күркө иштетип жатканыма 12 жыл болду. Эми менин күркөмдү таптакыр алып салабыз деп жатышат. Эмне үчүн десем, ШОС болуп жатат дешти. Анан эки сааттын ичинде жок кылыңыз дешкенинен, мен жалгыз алып кете албайм десем, “ак материал менен ороп койсоңуз болот” дешти. Базарга барып 17 метр ак материал алып келсем, “эже эми болбой калды, кран менен алып кетиш керек” дешти. Анысы эле 2000-3000 сом экен. Күркөмдү кайдагы бир троллейбус токтоочу жайга алып барып салышты. Мэрия мыйзамсыз иш алып барып жатат. Менин колумда бардык келишим документтер бар. Мэриянын мыйзамсыз иштери бийликке эле зыян болууда. Алар бийликти элге жаман көрсөтүп жатышат. Карапайым элдин жашоосун ким ойлойт?

Редакциядан:

Жогорудагы материалды Бишкек мэриясынын кызматкерлери окуп калса, Албек Ибраимовго кулак кагыш кылышат деп ойлойбуз. Карапайым элдин чөнтөгүнө кол салган кызматкерлер жоопко тартылышы керек. Биздин редакция мэриянын жообун күтөбүз.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: