Menu

Өмүрбек Текебаевдин «Таза шайлоо – туруктуулуктун жана бийликти тынч өткөрүп берүүнүн өбөлгөсү» жарандык форумунда окулган доклады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

“Ата Мекен” фракциясынын лидери

Өмүрбек Текебаевдин

«Таза шайлоо – туруктуулуктун жана бийликти тынч өткөрүп берүүнүн  өбөлгөсү» деп аталган жалпы жарандык форум-диалогундагы

ДОКЛАДЫ

Урматтуу форумдун катышуучулары!

Сөз башында, саясый пикирлер үчүн аянтча түзүп жаткан жарандык демилгени чын дилден кубаттарымды билдирип койгум келет! Форумду өткөрүү ниетинин өзү –  аны уюштурган тараптардын   жарандык  жоопкерчилигинин бийик экендигинен,  саясый аң-сезиминин  жетиктигинен кабар берип турат. Силер Кыргызстандагы саясый кырдаалды, бардык орчундуу саясий күчтөр менен жарандык активдер арасында өз ара сүйлөшүүнүн зарылдыгын баамдап турасыңар. Бул диалог элдин биримдигин, туруктуулугун жана кыргыз мамлекетин сактоо үчүн тунгуюктан чыгуу, мамлекетти укуктук, конституциялык ченемдердин чегинде башкарууну калыбына келтирүү, президенттик шайлоолорду уюштуруу жана  бийликти  тынч жол менен өткөрүп алуу боюнча туура багытты  иштеп чыгуу үчүн зарыл.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык,  парламенттик шайлоолорду уюштуруу жана аны өткөрүү  жоопкерчилиги президентке, ал эми президенттик шайлоолорду уюштуруу  жана  аны өткөрүүнүн саясий, юридикалык жоопкерчилиги – бийликтин жогорку органы катары Жогорку Кеңешке жүктөлгөн.  Бул мамлекеттик башкаруунун туруктуулугун, үзгүлтүксүздүгүн  камсыздайт.  Бийлик бутактарынын, бийлик институттарынын ортосундагы тең салмактуулук балансынын сакталышынын өбөлгөсү гана болбостон, шайлоолор атаандаштык негизде өтүп, ага  катышкан бардык тараптарга бирдей мүмкүнчүлүк түзүүнүн гаранты болмок. Бул – бийликти узурпациялоого бөгөт болчу механизм.

Анан калса, Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүнүн  негиздерине ылайык, мыйзамдык орду жагынан парламент  биринчи орунда, ал эми президент экинчи орунда турат. Мамлекеттик бийликтеги жогорку институттардын иерархиясы Баш мыйзамдын 2-3- жана 4- базалык беренелеринде  кашкая жазылып турат.  Демек, бийлик вертикалынын бекемдүүлүгүн  жана туруктуулугун  камсыз кылууда  президентке караганда парламенттин  эл астындагы жоопкерчилиги өтө чоң. Өзгөчө, мамлекет башчысынын ордуна башка адам шайлана турган маалда.

Анткен менен, бизде  парламенттин стабилдүүлүккө кепил болчу маанилүү ролу акырындык менен көмүскөдө калып баратканы көндүм көрүнүшкө айланды.  Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы болгондон берки жылдар ичинде  бир да жолу парламенттик жыйындарда сүйлөгөн жок. Бул – Жогорку Кеңеш да бүткүл эл тарабынан шайланган бийлик органы экенин  президенттин тоготпогону. Учурда көптөгөн депутаттар саясый куугунтукка алынып, дээрлик бардык депутаттар кылмыш ишин козгоо коркунучуна кабыларын сезип турушат.

2017-жылдын 11-декабрында  Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү талдап көрсөк, Конституциянын текстине президент менен премьер-министрди, премьер-министр менен парламентти эрегиштирген карама-каршылыктар атайылап киргизилгенин баамдоого болот.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу тармагынын жана Жогорку Кеңештин эсебинен премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилгендей  туюлганы менен, иш жүзүндө өкмөт эки баштуу болуп калды. Өкмөт мүчөлөрү, УКМКнын, Коргонуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалары, анын орун басарлары  президенттин жеке чечими менен кызматка дайындалат, же бошотулат. Башкача айтканда, бул өкмөт мүчөлөрүн дайындоого, же бошотууга Премьер-министрдин таасири жок дегенге барабар. Бул Премьер-министрдин ролун аргасыздан солгундатат. Ошентип, алсыз Премьер-министрдин, көз каранды соттордун, Конституциялык палатанын эсебинен Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилди.

Туруктүү өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин 3-апрелде өткөн жыйынында А.Атамбаев КСДП партиясынын шайлоо мезгилиндеги жана шайлоодон кийинки программасын жар салды. Ал эми  2012-2017-жылдарга карата Туруктуу өнүгүүнүн стратегиясы  ишке ашпай  ойрон болгонун 2020-2040-жылдарда аткарыла турган кыялдары менен жаап-жашырымыш болду. Кетерман президент КСДПнын милдеттерин аткарууга Улуттук кеңештин жыйынына катышкан саясый партияларды, президентикке талапкерлерди  кошо милдеттендирди. Бул программа шайлоодо президенттик күчтөр жеңип чыкса, бийлик  ишке ашыра албай калган осол иштерин билинтпей, элди алаксытып, КСДПны дооматтардан кутултат, эгер КСДП утулуп калчу болсо, бул программа жеңип чыккан күчтөргө карата оппозициялык сындарга аянт болот. Бул туурасында Атамбаев ачык эле: «…бийлик туура жол менен баратканын, же башка жолго буруп кеткенин эл кантип билет? Ушул бүгүн биз түзүп баштаган “жол картасынан” билет»,- деп айтты.

Мына ушул себептен, Жогорку Кеңеш бүгүн Атамбаевдин бийликти узурпациялоосуна бөгөт коюш керек. Автократтардын бийликти узурпациялаган жоруктары,  катачылыгы бийликтикинен кем калышпаган оппозициянын алсыздыгы,  мамлекеттик башкаруудан одоно жана оройлук менен чыгарылганы, билсе да билмексен болгон элитанын мамилеси орду толгус катага жол коюп жатат. Мунун өзү Кыргызстандагы саясый маданиятка окшошпогон  жалган саясий процесстерди таңуулайт. Чоң үмүт артылган башчы  мамлекеттик башкарууну кыйратып талкалап, андан кийинки келген башчы мурунку башчыдан да ашып түшүп башкаруу тармагын деградацияга кептеп, саясий адеп-ахлактын денгээли ылдыйлагандан ылдыйлап баратат.

Бирок  эми  биздин улам эле адаша берүүгө убактыбыз жок. Аскар Акаев кезинен  башталган мамлекеттик башкаруудагы  көмүскө схемалар  элдин көңүлүнө көк таштай тийди, ошол эле учурда революциялар аркылуу  бийликти көңтөрө койгон майнапсыз аракеттерден да калк түңүлдү. Учурдагы  парламент  сыртынан өз статусунун жыргалына жана укуктук жактан корголгонуна жамынып олтура бербей,  элди  ыргылжың абалга алып келген азыркыдай тарыхый учурга туура баа берип, аны моюндай билиши кажет. Укуктук чийинден четтебей, мамлекетти сактап калуу үчүн биримдикти көрсөтүүгө жана мамлекеттик  башкаруунун  балансын  конституциянын алкагында кармап турууга  чамасы бар бирден бир орган – Жогорку Кеңеш. Баш мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөр киргизилген кош бийликтин,  президент менен премьердин тирешүүсүн жоюу парламенттин  гана  колунан  келет. Азыркы жана болочок президент ким  гана болбосун, алардын узурпаторлук амбициясына бөгөт коюуга парламент гана жөндөмдүү.

Дал бүгүн күчтүү, бирдиктүү институт экенин, саясый  салмагын, тарыхый жоопкерчилигин Жогорку Кеңеш көрсөтүүсү кажет. Конституцияда  биринчи орунда турган статустук  дараметин, баш мыйзамдагы  ыйгарым укуктарынын кеңирилигин жүзөгө ашыруусу зарыл.

Жаз мезгили Кыргызстанда  зор  өзгөрүүлөрдүн  символуна  айланганы  бекеринен  эместир.  Парламент  жайкы эс алууга кеткенде, административдик  ресурсу  менен бийлик баарын  жайгарып, күзүндөгү  шайлоолор башталганда бүткүл эл тарабынан шайланган  жогорку  бийлик органы эсептелинген  Жогорку  Кеңешке баары кеч  болуп калган  болот. Парламент өлкөдө болуп жаткан соттук-укуктук бейбаштыкка көз жумган сайын  кадыры кетип, элдин  Жогорку Кеңешке  болгон  үмүтү, ишеничи күн өткөн сайын өчүп барат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин командасы тарабынан бардык жерде жана саат сайын укуктары тебеленип жаткан саясатчыларга жана журналисттерге, укук коргоочуларга жана адвокаттарга, балдарга жана бүтүндөй үй-бүлөгө, жүрөкзада жана үндөбөгөн жарандарга каршы жасалган баш аламандыктардын кесепетинен элдин ишеними күн сайын жоголуп бара жатат.

2010-жылга чейин өлкөнү  мыйзамдар, мамлекеттик институттар  менен  эмес, Конституцияны капарына  да  илбей, мамлекеттик институттардын  ордуна  кландар,  мыйзамдардын  ордуна  бир үй бүлөнүн  кызыкчылыгы башкы  орунда  туруп келди.

Формалдуу  түрдө башкаруунун кайсы бир  түрүн тандамыш этип, иш жүзүндө  мамлекетти  жеке бийлик  башкарган мисалдар дүйнөлүк практикада  арбын.  Маселен, Муаммар Кадафи Ливияда кандайдыр  расмий кызматтарды  ээлебегени  менен, мамлекетти диктатор  катары мыкчып  башкарып турган.  Европада  Ярослав  Качиньский  деген  чоң төбөл эч бир расмий  кызматтарда иштебегенине карабай, ал авторитардыгы, диктаторлугу үчүн айыпталууда.

2010-жылдагы апрель революциясынан  кийин авторитардык  режимден биротоло кутулуу ниетинде Кыргызстан башкаруунун  парламенттик  формасына  өткөнүн жар салган.  Бирок саясый  системаны формалдуу түрдө  өзгөртүүдөн  эч нерсе өзгөрбөстүгүн, андыктан   элдин кызыкчылыгын көздөп саясый  маданиятты  олуттуу өзгөртүү  зарылдыгы турганын  баарыбыз  түшүнгөнбүз. А бирок  үмүтүбүз таш каап, өлкөнүн  астында  турган  зор максаттардан, бийик  милдеттерден  таптакыр кабары  жок кишинин  колуна  мамлекетти  башкаруу  тизгини  тийип  калды. А.Атамбаевдин  саясаттагы  карьерасы анын өзүмчүлдүгүн билдирип турат. Шайлоолор  башталганда  гана  саясий  майдандын  сересинде  пайда боло калып, авторитардык  башчылардын  башкаруу  өңүтүнө альтернатива  болчу  реформаторлук   программасын   айтуунун  ордуна,  өзүн  гана  сунуштоо аракетин  көрүп  келди.  Деген  менен  ал  өзүнүн көптөн берки кыялын  орундатты, азыр  ал бардык  бийликти басып алып, түпкү  мүдөөсүнө  жетти.  2010-жылдан бери жети  жыл өтсө да, кайра эле  өзүбүз кетүүгө аракет кылган ошол 2010-жылдардын  баштапкы  күндөрүнө кайтып келдик.

Өлкөнү  Атамбаевдин  эң жакын чөйрөсүндөгү шоопурлар, жан сакчылар башкарып жатканы туурасында  мыскылдуу  икаялар, баяндар жөн  жеринен  айтылып  жаткан жок. Мамлекет  башында  турган президент кандайдыр  партияда  болбош  керек,  тигил  же  бул  партияны  жактырып,  ал партияга   симпатия  артпоого  тийиш.  А аныгында, А.Атамбаев  КСДПнын  чыныгы лидери  экенин жашырбайт. А түгүл  Атамбаев   жакында  эле  президентикке  талапкер  катары  КСДПдан  бир нече  талапкер көрсөтүлүп, алардын арасынан элдин сынынан, элегинен өткөн бир талапкер  тандалаарын  жарыялады, мындайча  айтканда, ал   талапкер  маселесин   КСДПнын  атынан  жеке  өзү  эле  чечти  да  койду.

Өлкөдө  жаңы  саясий  парламенттик  системаны  жаратуунун  ордуна  Атамбаев  аны  талкалады. Премьер-министрдин кызматтык милдеттерин  аттап  өтүп, министрлерге,  аткаруу  бийлигинин  башка жетекчилерине  ачыктан ачык эле тапшырма берүүгө өттү.  Мамлекеттик  органдагы  жетекчилер  президенттин  гана  эмес, Президенттик Аппараттын  кызматкерлеринин  тапшырмаларын  кынтыксыз  аткарууга  мажбур  болду.  Ага  мисал,  Сапар  Исаков Президенттик  аппаратта  бөлүм  башчы  болуп турган  кезде Чолпон-Ата  шаарындагы  дээрлик  жаңы  эле  ипподромду  бузуп анын ордуна ошол  жылдын бюджетине киргизилбеген 1,5  миллиард сом сарпталчу  жаңы ипподромдун  курулушун  тездетүү боюнча тапшырма берип жүрдү.  Президент  өзү  Конституцияны  бузуп менен, мамлекеттик органдын жетекчилерин (Дин иштери боюнча  мамлекеттик  комиссиянын   төрагасын, Тил боюнча мамкомиссиянын  төрагасын, Башкаруу академиясынын ректорун) дайындоону  улантып келет.

Бийликти  узурпациялоо – басым-кысым  иретинде  күч органдарын  колдонуу  жолу  аркылуу   гана  эмес, мамлекеттик  массалык маалымат каражаттары  да  жеке  бийликти  бекемдөө  максатына  пайдаланылып, бийликтикинен  башкача  көз  карашын  айткан, саясый  тең ата   атаандаштыкка  умтулган  тараптардын   баарын  тепсөө менен болуп жатат. Коомго  альтернативдүү  кабар  тараткан  эркин  маалымат  каражаттары  сотко  берилип, миллиондогон сомдук  доого  жыгылышууда.  Мындай  зордукчул, кысымга  алган  шартта   президенттик  шайлоолор  ачык-айкын, таза, калыс  атаандаштык  негизде  өтүшү  дегеле  мүмкүн эмес. А.Атамбаев  элдин өз эркине койбой турганы белгилүү болуп калды.

Урматтуу форумдун катышуучулары!

Болор иш болуп, боесу канды. «Ата Мекен» фракциясынын президенттик шайлоолорду конституцияда көргөзүлгөн мөөнөтүндө өткөрүү тууралуу демилгеси колдоого алынбай, конституциялык мыйзамдар да көз жаздымда калды.

Атамбаев 1-декабрдан кийин да президенттик ыйгарым укуктарын мыйзамсыз узартуу ниети байкалууда. Ал өзүн өткөөл мезгилдин президенти деп жатканы кокусунан эмес.

Мен Жогорку Кеңешти ушул маанилүү күндү белгилөөдө Коституцияны бузулушу менен Кыргызстандын келечегине доо кетирбөөгө, ал үчүн тарыхый жоопкерчиликти сезе билүүгө чакырып кетем. Парламент саясий эркин көрсөтүп, президенттик шайлоону укуктук чекке алып келерине ишенем.

Парламенттин  конституциялык  алкактагы  биринчилик даражасына, конституциялык   салмагына  кайтып  баруусу Атамбаевдин  Конституцияны  көзгө илбеген ээн баш кадамдарынын тыйылышына себеп болот. Мына  ошондо  президенттик  шайлоолорду, бийликти тынч жол  менен өткөрүп  берүүнү  үзгүлтүккө учуратып коомдук-саясый абалды дестабилдештирүүчү, карама-каршылыктарды  ырбатып жиберүүчү  кырдаалдарга  негиз  калбай калат. Конституцияда  жок эле укуктарды өзүнө ыйгарып алган президент А.Атамбаевдин тынч жол менен бийликти  өткөрүп берүүсүнө да, экс-президент деген  статусун  сактап  кала  берген  жеке  коопсуздугуна   да зор  кепилдик  болмок.    Бул Атамбаевдин экс-президенттик  иммунитети  үчүн  гана эмес, өлкөдө  бийликти  тынч  жол менен өткөрүп  алуу  салтынын  калыптанышына  жол  ачкан  маанилүү  кадам  болоор  эле.

Жогорку  Кеңештин  ар бир  депутаты өзүнүн жекече тарыхый  жоопкерчилигин сезип, Конституцияда  мамлекеттик түзүлүштүн  өзөгүндө  бийликтин  жогорку  органдарынын  иерархиясынын негизинде саясый эркти көрсөтүшү  керек. Ушинткенде  гана  биз  президенттик  шайлоолорду  таза, акыйкат, калыс  өткөрүп, элдин  биримдиги үчүн  туруктуулукту жана  мамлекеттин  бүтүндүгүн   сактап  кала  алабыз.

 

Өмүрбек   Текебаев

Жогорку Кеңештеги  “Ата мекен” фракциясынын лидери

Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  Кеңешинин  депутаты

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: