Menu

Ноокен районунда 29 окуучу ууланып, ооруканага түштү

Бөлүшүү:

12-май күнү Ноокен районундагы Шайдан айыл аймагына караштуу Тоскоол-Ата  айылындагы №5 Назир Токторбаев атындагы орто мектептин окуучулары массалык түрдө өздөрүн жаман сезишип, райондун борбору Масы айылындагы Шамшы Сүйөркулөв атындагы аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнө жаткырыла баштаган. 13-май күнү белгисиз нерседен ууланган окуучулардын саны 29га жеткен. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Окуя жүз берери менен Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникасынын санавиациясына кабар берилип, Ноокен районундагы аймактык ооруканага облустун борборунан башкы токсиколог, башкы инфекционист, башкы педиатр жана башкы реаниматологдор келишип, жергиликтүү дарыгерлер менен консилиум өткөрүштү. Белгисиз нерседен ууланып ооруканага түшкөн окуучулардын абалы канааттандырарлык. Аларга акысыз дары-дармектер берилип, дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүнө алынышкан.

—    Кече түштөн кийин биздин ооруканага Тоскоол-Ата айылындагы №5 Назир Токторбаев атындагы орто мектептен белгисиз нерседен ууланган окуучулар массалык түрдө келип жата башташты. Алар негизинен 5-класстан 10 класска чейинки окуучулар. Кече жаткырылган 28 баланын 25 кыздар болсо, 3өө балдар. Окуучулар мектептеги суу куюлган бочоктон кружка салып, суу сузуп ичишкен. Суу агуучу кранниги бузулуп иштебей калган. Мындан сырткары бадам менен өрүктүн быша элек мөмөлрүн—короолорун үзүп  жешкен. Лабораториялык анализ толук чыкмайынча, окуучулар эмнеден ууланганын так айта албайбыз. Азыркы күндө ууланып бизге жаткырылган окуучулардын абалдары канааттандырарлык жакшы деп айтууга болот. Бүгүн эки окуучуну ден соолуктары жакшы болуп калгандыктан ата-энелери чыгарып алып кетишти,- деди Ноокен аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калматов.

Бүгүн, 13-майда массалык түрдө ууланып ооруканага түшкөн окуучулардан атайын кабар алганы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникалык ооруканасынын директору Жаныбек Карабаев Ноокен аймактык ооруканасында болушту. Ооруканадагы окуучу балдар менен кыздардын абалдары жакшы жана дарыгерлер тарабынан күчөтүлгөн тартипте дарылоо иштери жүргүзүлүп жатат. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков массалык түрдө ууланып, ооруканага жаткырылган окуучулардын ата-энелери менен баарлашып, алардын балдары дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүнө жана дарылоо камкордугуна алынгандыгын айтты. Өз кезегинде ууланып ооруканага түшкөн окуучулардын ата-энелери дагы дарыгерлер менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө балдарына ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жаткандыктарына терең ыраазычылыктарын билдиришти.

—     Кече, 12-майда саат 14-10до  алгач 13 окуучу белгисиз нерседен ууланып биздин ооруканага түшкөн.  Кийин 15-45те  4 окуучу жана кечки 19–00дөн кийин 11 окуучу келип түштү. Алар бизге келээри менен интенисивдүү дарылоо иштерин жасадык. Кудайга шүгүр, реанимация бөлүмүнө бир дагы окуучу түшкөнү жок. Облустан келген дарыгер адистер менен тыгыз байланышта иш алып барып жатабыз,– деди Ноокен райондук аймактык ооруканасынын директору Шамшы Абдирешев.

Тоскоол-Ата айылындагы №5 Назир Токторбаев атындагы орто мектепте 357 окуучулар билим алып жатышат.  Ал эми Тоскоол-Ата айылында 2640 адам жашайт.

—    Буга чейин Тоскоол-Ата айылынын жашоочулары таза сууну кудуктарына куюп ичип келишкен. Азыркы күндө кудуктагы сууларын толук тазалатып, суу ташуучу машина менен таза сууларды жеткирип, ташып берип жатабыз. Окуучулардын уулануусу эмнеден болгондугу азырынча так  аныктала элек. Ал үчүн 2 күн убакыт талап кылынаары айтылууда,- деди Шайдан айыл аймагынын башчысы Шергазы Алыкулов.

—  Тоскоол-Ата айылынын жашоочулары менен жеринде Ноокен райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан  барган  3 дарыгерлер бригадасы иш алып барып жатышат. Алар ар бир үй-бүлөгө киришип, өздүк гигиена менен тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин алып барышууда. Мындан сырткары 1 “Тез жардам” машинасы дарыгерлер бригадасы менен иштеп жатышат,- деди Ноокен райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Асылбек Жумабаев.

Учурда массалык түрдө ууланып ооруканага түшкөн окуучулардын абалдары жакшы жана алардын ден сололуктары дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүнө алынган. Ноокен районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Нурийла Бекжигитованын жетекчилигинде чукул чара көрүү комиссиясы иш алып барууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: