Menu

Жалал-Абад шаарынын жаштары шаарды өнүктүрүү багыттарын иштеп чыгышат

Бөлүшүү:

 Жалал-Абад шаарындагы жаштар уюмдары, жаш активисттер өздөрүн өнүктүрүү аркылуу шаарды өнүктүрүүгө салым кошуунун стратегиясын иштеп чыгууга киришишти. Жаштардын бул аракетин шаар мэриясынын алдында түзүлгөн Жаштар иштери боюнча кеңеш уюштурууда. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шаар мэриясынын кичи жыйындар залына чогулган жаш активисттер адегенде он жыл кийинки шаардын турпаты кандай болушу керектиги тууралуу өз пикирлерин ортого салышып, ошол позитивдүү өзгөрүүлөргө жетүү үчүн эмнелерди жасоо керектиги тууралуу сунуштарды иштеп чыгышты. Негизинен шаар жыл сайын алга кадамдап турушу үчүн эмнелерди жасоо зарылдыгын гана аныкташпастан, жаштар бул процессте өздөрү эмнелерди жасашы керектигин да иликтеп көрүштү. Натыйжада, ар кандай сунуштар түшүп, жыйындын катышуучулары ал сунуштарды өз ара талкуулап чыгышты.

Шаардык жаштар кеңешинин курамы жаштардын жана шаардын өнүгүшү үчүн бул сунуштарды эске алуу менен аткарылуучу иш-чараларды иштеп чыгуу, шаарда жаштардын позитивдүү бейформал кыймылын жандандыруу багытында тийиштүү документтерди иштеп чыкмакчы жана жаштардын талкуусуна коймокчу.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясы атайын токтом менен 12 кишиден турган шаардык жаштар иштери боюнча кеңешин түзүп, ага бейөкмөт жаштар уюмдарынын, шаардык муниципалдык мекемелердин, дин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү киришкен. Ал эми кеңешти “Юз оф Жалал-Абад” коомдук фондусунун төрайыма Жанара Рыскулова жетектей турган болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: