Menu

Азимбек Бекназаров, Туруктуу Элдик Кеңештин төрагасы: «Мурда кен байлыгыңа ээ болбосоң, эми өзүңдүн кыргызмын деп айта турган паспортуңа да жаздырбай жокко чыгарып салды»

Бөлүшүү:

— Азимбек Анаркулович, сиз Кыргызстандагы Улуттук Мекенчил күчтөрдөн түзүлгөн Туруктуу Элдик Кеңештин (ТЭК) төрагасы болуп шайланып, Курултай чакырууну көздөп жатасыз. Курултай чакыруунун максаты эмнеде? Же саясатты башка өңүттө жүргүзөйүн деп жатасызбы?

— Биз Кыргыз мамлекетинин 25 жылдык эгемендүүлүгүнө терең анализ жасап көрдүк. Бир эмес эки жолу революция болду, төртүнчү президент иштеп жатат. Эмне үчүн тоталитардык режимден арыла албай койдук? Эмне үчүн коррупциялык коомдон кутула албай, тескерисинче ал күчөп жатат? Эмне үчүн кыргыз улуту жаңылана алган жокпуз? Мына ушул үч маселеге ой жүгүртүп, талдадык. Ушул көйгөйлөрдөн чыгуунун эң башкы себеби – мамлекеттик бийликтин эл алдында жоопкерчилигинин жоктугунда болуп жатат. Жогорку Кеңештин депутаттары шайланат да, 5 жыл бою элге барып отчёт бербей калды. Президент 6 жылга шайланат да, Конституцияда укугу барбы-жокпу аны карабай, өз билгенин кылып жатат. Каалаганын каматат, каалаганын тилдейт. Бирок, эч убакта кылган ишине, айткан сөзүнө жооп бербейт. Биз эки революцияны авторитардык режимден кутулабыз деп жасаган элбиз. Акаевди кетирсек эле Бакиев анын жоругун жолдобойт дегенбиз. Бирок, Бакиев андан ашып кетти. 2010-жылы кеп адамда эмес экен, системада окшойт деп парламенттик системаны алып келдик. Бир адам башкарбасын, 120 депутат шайлансын дегенбиз. 120 депутаттан турган парламент экинчи чакырылышы менен олтурат. Дагы деле президент башкарып жатат. Парламенттик система дагы иштебей калды. Үчүнчү жолду издеп олтуруп биз ушуга токтодук. Бийликтин эл алдындагы жоопкерчилиги жок. 1993-жылдан тарта, ушул кезге чейинки Конституциянын биринчи беренесине “Кыргыз Республикасындагы бийликтин булагы – эл. Эгемендүүлүктүн ээси – Кыргызстандын эли. Кыргыз Республикасынын эли өз бийлигин түздөн-түз шайлоолордо, референдумдарда ишке ашырат” деп жазып алганбыз. Бийликтин ээси, булагы болгон эл бүгүн реалдуу бийликке ээби? Ушунун баарын анализдеп олтуруп, эл өзү шайлаган депутатынын, президентинин ар жыл сайын отчётун угуп турса деп жатабыз. Мунун эмнеси жаман? Эгер эл өзү шайлаган бийлик начар иштеп жатса, элге канааттандырарлык эмес деп таба турган, “Сени биз шайладык эле иштей алган жоксуң, отставкага кеткиниң” деп баа берген укук берели деп атабыз. Улутчул-мекенчил, саясий күчтөр бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин Элдик Курултай институту менен ишке ашыралы деген максатта 28-апрелде меморандумга кол койдук. Биз келечекте бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин так ушундай кылып ишке ашырабыз деп азыркы бийликке бердик. Бийликке оппозиция болгонубуз жок. Биз ушундай аракет менен бириктик, силер ушул идеяны ишке ашыргыла, Конституцияга киргизгиле, бүгүн Конституцияга өзгөртүү киргизе турган силерсиңер деп Президент менен Жогорку Кеңешке жибердик. Эгер алар “Силердин бул идеяңарды колдобойбуз” десе, кол койгон саясий күчтөр мындан ары да ал идеяны ишке ашыруу үчүн чоң күчкө айланып, өзүбүздүн аракетибизди кылабыз.

— Курултай институту жөнүндө азыркы Конституцияда деле жазылып турбайбы. Ошонун негизинде эле иш алып бара берсеңер болбойбу?

— Курултай институту жөнүндө 2006–2010-жылдагы Конституцияларга мен киргизгенмин. Бирок, ал жарандардын укугу катары гана киргизилген. 52-беренеде “Жарандар Элдик Курултай өткөрүүгө укугу бар” деп жазылган. Коомдук, мамлекеттик маанилүү иштер боюнча Элдик Курултай өткөрүп, кабыл алган чечимди мамлекеттик бийликке сунуш катары жөнөтүлөт деп көрсөтүлгөн. Бул сунуш гана. Алар карайт дагы жооп берип коёт. Биз сунуш дегенди милдеттүү деп жатабыз. Ошол эле учурда Элдик Курултайды өткөрүп алып, сен иштей албай жатасың, кетишиң керек дей бербеш үчүн Конституциялык мыйзам менен Курултайдын жаңы статусун киргизгиле деп Конституциянын 2-беренесине киргизип жатабыз. Ал жерде делегаттар кандай тартипте шайланат, кандай маселелерди карайт, жыл сайын президенттин отчёту кандай тартипте өтөт, Жогорку Кеңештин депутаттарынын отчёту кандай тартипте каралат, канааттандырарлык эмес деп табылса алар кайсыл мөөнөттө өз ыйгарым укуктарын токтотот, Курултайды ким уюштурат, ким чакырат деген маселелердин баары Курултай жөнүндөгү Конституциялык мыйзамда аныкталат. Элдик бийлик өз бийлигин жаратат. Аны иште деп ыйгарым укук берет. Бирок, демократия толук болбой, бир нерсеси калып калууда. Шайлап, укук бергени менен отчётун укпай жатат. Биз азыр ошол отчётун киргизип жатабыз. Ошондуктан Элдик Курултай институтун Конституциянын 2-беренесине “Бул багыттоочу жана көзөмөлдөөчү эң жогорку саясий орган” деп киргизүүдөбүз.

— Мындай саясий орган эгемендүү мамлекет болгондон бери болгон эмес да. Совет доорунда ушундай орган болгонбу?

— Совет доорунда мындай орган болгон. КПССтин политбюросу СССРдин 6-беренеси менен багыттоочу ядро катары ар 5 жыл сайын жыйналып, мындай иштер жүрөт деп отчёт берчү. Же болбосо ал убактагы Верховный Совет сессиясын чакырып алып, министрлердин отчётун угуп, аларды кызматтан кетирчү. Алар жыл сайын бир жолу чогулуп, андан кийин тарап кетчү. Биздин көтөргөн идея дагы ошондой эле. Айырмасы, Совет доорунда делегаттарды коммунисттер чакырчу. Азыр болсо ар бир айыл өкмөттө эл өзү чогулуш өткөрүп, ошол жерде президенттин ишине баа берилет. Ошондон кийин эки делегатын бул жакка жөнөтөт. Мисалы, сенин айыл өкмөтүңдө президенттин ишине 5 деген баа бердик, Жогорку Кеңештин ишине 2 деген баа бердик десе, ошол жерден шайланган делегат ал бааны бул жакка келип өзгөртө албайт. 450 айыл өкмөтү болгон болсо, кайсыл айыл өкмөтү президенттин ишине кандай баа бергени белгилүү болуп калат. Так айтканда бийликтин иши айылдарга чейин жетет. Баа айылдарда коюлуп, жыйынтыгы Бишкекте чыгарылат.

— Азыр өлкөдө кайсыл партия бийликке жетсе, анын сөзү айылдарда дагы өтүмдүү болуп, өзүнө караштуу адамдарды айыл өкмөтү кылып олтургузуп жатпайбы. Айылдагы чогулушта дагы ошол адамдар айылга сөзү өтүмдүү болгон кишилер менен сүйлөшүп коюп, бааны мындай берели, муну делегат кылып жөнөтөлү деп коёру турган иш. Башаламан башкаруу өкүм сүрүп жатканда сиз айткан идеяны ишке ашыруу мүмкүн эместей сезилип калбайбы?

— Антип биринчи жылы жөнөтөт. Экинчи жылы эл “Силер өткөн жылы бул бийлик жакшы иштеп жатат деп бизди ынандырып баа берген элеңер. Ошондон бери бул канал тазаланбады, тиги көпүрө курулбады. Биз дагы деле баягы тас кейпибизде олтурабыз. Бул жолу 2 деген баа коёбуз” деп айыл өкмөтүн, депутатын да укпайт. Бул жыл сайын боло турган нерсе. Эгер элдин пикири жакшы болсо жакшы деп айтышыбыз керек. Жаман болсо жаман. Биринчи жылы алдап-соолап жакшы дедиртип алса, экинчи жылы “Өткөн жылы алданып калып эмне болдуңар?” дегендер болот. Баардык мамлекеттер өткөөл жолун ушундай жол менен өтүшкөн. Биз депутат болуп шайланганда ар жылы округга барып отчёт берчүбүз. Азыр депутаттар элге барып отчёт бербей калды. Өзүнүн саясий партиясынын лидерине барып отчёт берет. Конституцияда “Жогорку Кеңештин депутаттарын кыргыз эли түздөн-түз, ачык шайлоодо шайлайт” деп жазылган. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарын эл ачык шайлай албай жатат. Депутаттарды кайсыл бир партиянын лидери аныктоодо. Сен биринчи, сен онунчу болосуң. Анткени, сен миллион доллар коштуң, “золотой” тизмедесиң, сен 20 миң эле доллар коштуң, кыркынчы тизмеде кетесиң деп чечип коёт. Ошон үчүн депутаттар элге отчёт бербейт. Жакшы акча бере албаса партлидер “Арызыңды жаз, эртерээк кет” деп кууп чыкканча шашат. Эл өкүлү деген депутаттар тескерисинче элден алыстап кетти. Булар элге отчёт бербейт, аны Конституциядан алып таштаган. Президент жок дегенде элге кайрылуу кылып Жогорку Кеңеште отчёт берчү. Атамбаев 6 жылдан бери бир жолу отчёт бердиби? Бул дагы Конституциядан учуп кеткен. Жылдан-жылга бийлик элден алыстап баратат. Жүз пайыз партиялык тизме менен шайлоо деген партиялык коррупцияга алып келди. Партиянын лидерлери гана байып жатат. Бир жолу шайлоодон өтүп алган партияга Түркияда, Россияда миллион акчасы барлар кире калып эле, бир күн Кыргызстан үчүн иштебей, Кыргызстанга салык төлөбөй туруп, талп этип эле депутат болуп олтуруп калып жатат.

— Жаңы паспортто улуту деген графа көрсөтүлбөй калганына эл арасында нааразы болгондор көп болууда. Бул бирөөнүн кызыкчылыгы эмеспи?

— Бул Кыргыз мамлекеттүүлүгүн, кыргыз улутун да жок кыла турган саясат. Мисалы, паспортту эч кандай зарылчылыгы жок эле алмаштырып, улут деген сөздү алып салышты. Эч кимден сураган жок. Бул Конституциянын 20-беренесинде “Ар бир Кыргызстандын жараны өзүнүн кайсыл этноско таандык экенин өзү аныктайт, өзү көрсөтөт” деп так, анык жазылып турат. Бул Конституциялык укук. Анын этегинде “Бул укук мыйзамдар менен же башка укуктук ченемдер менен эч ким буза албайт” деп жазылган. Ага карабай эле Өкмөт токтом чыгарып салбадыбы. Бул деген Конституцияны бузду. Ошондуктан, биз экинчи талап кылып ушуну коюп жатабыз. Кыргыздын кыргыз экенин паспортто гана көрсөтө аласың. Муну да алып салса башка эч жерде көрсөтө албайсың. Мурда кен байлыгыңа ээ болбосоң, эми өзүңдүн кыргызмын деп айта турган паспортуңа да жаздырбай жокко чыгарып салды.

— Паспорттогу улуту дегенди алдырып салуу Акаевдин учурунда дагы ызы-чуу болуп токтободу беле. Буга кимдер кызыктар болгон?

— Туура, муну 2003-жылы Акаевдин учурунда молдаван Лысагоров деген чоң аферист келип, 50 млн еврону Акаевага берген. 2005-жылы мен башкы прокурор болгондо ага кылмыш ишин козгогонбуз.

Анын молдаван жараны экенине карабай азыркы Каттоо кызматынын башчысы кылып киргизебиз деп аракет жасашкан. Биз депутаттар чуу салып, кыргыз деген улутту жок кылбагыла деп атып токтотконбуз. 2004-жылы азыркы ID карт паспорт болуп чыгып, улуту сакталып калган. Азыр болсо улутун алып салды. Эми деле паспортко аралашкандар молдаван компаниялары. Лысагоров ушул кезге чейин эл аралык издөөдө. Башкалар менен эле кайра уланып жатат. Бир топ коррупциялык схемалар башчылары качып кеткени менен башкалар аркылуу иштеп жатпайбы. Наделдин, Бриштейндин “Кумтөрдөгү” тобу деле иштеп жаткандай, Лысагоровдун тобу да коррупциялык ишин улантууда. Ошондуктан, биз коррупциядан арылуунун да бир жолу Элдик Курултай деп айтып жатабыз. Элдик Курултайда “Сен эмне үчүн менин паспорттогу кыргыз деген улутумду жаздырбай алып салып, укугумду бузуп жатасың?! Сенин керегиң жок!” деп Өкмөткө айта аласың. Азыр кимге айтасың? Бийликтин элден алыстап, ким президент болсо ошонун эшигин сагалап калган жорукту токтотолу деп жатабыз. Элдик Курултай институту десе эле “Айтылып келген эски нерсени колдоп жатат го” деп ойлоп жатышса керек. Биз жаңы концепция менен эски-жаңы дебей, ушул институтту бийликти багыттоочу жана көзөмөлдөөчү орган катары Конституцияга киргизели деп макул болуп, меморандумга кол койдук. Ушул идеяга биригип, бир айлык ишибизди белгиледик. 17-майда баардык облустарда ушул идеяны элге жайылтайлы деп жатабыз. Жаңы идеяга бир муштум болуп бириккенибиз элге жетпей жатат. Азыр ар бир жаран өзүнүн президентинин, депутатынын отчётун уккусу келип турат. Кантип, кайсыл жерде угат? Президент бир жерге барса элди паспортуна чейин текшерип, жалаң бийликтин дүжүрлөрүн жыйнап коёт. Депутаттар болсо “Ар бир бала төрөлсө сүйүнчү пулу 50 миң сом болот. Кредитти 7 пайызга түшүрөм” деп убаданы урдуруп алып, эми элге баргандан уялып олтурат.Ошондуктан биз элге бийликтин отчётун уга турган аянтча берип жатабыз. Эл бул идеяны түшүнгөндөн кийин жалпы аракет кылат. Чыныгы демократия деген ушул.

Кээ бирөөлөр улутчулдук деп айтып жүрүшөт. Бул улутчулдук эмес. Демократия деген элдик бийлик. Качан эл өз бийлигинин отчётун алганда гана демократия толук кандуу болот. 2–3 жылдан бери өзүм үчүнчү революциянын кереги жок, жан дүйнөнүн революциясы керек деп айтып жүрөм. Жан дүйнөнүн революциясы ушул жерде жатат.

— Силер көтөрүп жаткан идеяга азыркы бийлик макул болуп, өзүнүн башына мүшкүл үйгүсү келмек беле?

— Биз ошол үчүн меморандумга кол коюп, бир идеяга бириктик. 84 саясий уюм кол койду. Чоң-чоң саясатчылар, мурунку спикерлер, мурунку премьер-министрлер кол коюшту. Кудай буйруса бир муштум болуп алып ушул идеяны ишке ашыралы деп жатабыз. Атамбаев тарыхта калам десе ушул идеяны ишке ашырып койсо кыргыз башы болуп тарыхта калат эле. Атамбаев ушуну киргизип кеткен болчу деп. Ноябрга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизип койгонго Атамбаевдин мүмкүнчүлүгү бар. Акыркы кол тамгасы ушуга түшсө тарыхта сөзсүз калат. “Тарыхта калам дейсиңби, эки революциянын ээси мен деп атасыңбы, анда революциянын максаттарын ишке ашырып кет. Ошондо революциянын чыныгы ээси катары каласың ” деп Атамбаевге мүмкүнчүлүк бердик. Биз бийликке каршы болбой, аны менен иштешели деп жатабыз. Мамлекетибиз, элибиз бирөө. Талаша турган эч нерсебиз жок. Бирге олтуруп ушул идеяны ишке ашыралы. Же болбосо биз сунуш кылган бийликти көзөмөлдөөчү Элдик Курултайдан башка силерде аргумент болсо, аны да байкап көрөлү деп атабыз. Ар бир фракция башчыларына чейин сунушубузду тапшырдык. 23-майга чейин жообуңарды бергиле дедик. Биз экинчи кадамыбызды 23-майдагы улуттук деңгээлдеги Курултайда ишке ашырабыз. 17-майда облустарда Курултай өтүп, ошол жерде өз делегаттарын шайлашат. Булар биздин сунушту кабыл албаса кийинки иш аракеттерибизди пландаштырып, андан ары аракет кылабыз.

— Сиз президент тууралуу эч нерсе айтпастан мойнума камчы салгам деп жүрдүңүз эле. Камчыны алып салдыңыз. Мойнуна салган камчыны алгандан кийин жоокер элдер кылыч чапчу. Сиз дагы кылычыңызды көтөрүп чыкпайсызбы?

— Мен 6 жылдан бери тынбай эле бизге үчүнчү революциянын кереги жок, жан дүйнөнүн революциясы керек деп айтып келатпаймынбы. Ушул идеяны былтыр 24-мартта Ошто кабыл алмакпыз. Тилекке каршы, Атамбаев Ошко барып алып “Таш бараң кылгыла, жолотпогула. Булар кускундар” деп олтуруп биздин жыйынды өткөрткөн эмес. Ошондо деле тынчтык жолу менен элдин алдында ушул идеяны кабыл алмакпыз. Атамбаевге үзөңгүлөштөрүңдү камагандан тарыхта калбайсың, ушул идеяны кыргыз элине калтырып кетсең тарыхта каласың деп айтып жатабыз. Сен баардык саясатчыларды алып кетем дегениң менен тарыхта калбайсың. Кыргыз кырылып түгөнгөн эмес. Мындан да күчтүү Атамбаевдер, мындан да күчтүү Бекназаровдор чыгат. Азыр биз президентке, парламентке ушул идеяны силер ишке ашыргыла деп жумшак мамиле жасап, колубузду сунуп турабыз. Моюндагы камчыны алгандан кийин кылыч сууруган жокпуз. Туура, өзү моюндан камчы алынгандан кийин кылыч суурулат. Кылыч шилтенмейин кынына кирбейт. Биз кылыч шилтейли деген жокпуз. Кол сунуп, ушуну ишке ашыралы, эки революция бекер болбогон экен, Атамбаев, Бекназаровдор ушунча жыл бекер чуркап жүрбөгөн тура. Көрсө, ушул системаны киргизебиз деген экен да. Акыры эл бийликтин кожоюну экенин далилдеген системаны киргизишти деген жакшы сөз калсын деп турабыз. Эгер булар кол сунбаса өзүбүздүн Конституциялык укугубузду пайдаланып, иш аракетибизди андан ары уланта беребиз. Конституцияда жазылган бардык укуктарыбызды колдонобуз.

— Силер бийликке кол сунуп жатсаңар, Атамбаев өзүнүн ордуна ким болбосун мураскер катары калтырып кете турган болсо, ага да кол суна бересиңерби?

— Мени төрага кылып шайлап жатканда менден “Сиз кайсыл бийлик болбосун ушул идеяны киргизүү боюнча иштешебиз деп жатасыз. Атамбаев мураскер кылып шоопурун койсо, ал ушул идеяны ишке ашырып, Конституцияга киргизем десе аны колдойбузбу?” деп сурашты. Мен “Ооба, колдойбуз” дедим. Атамбаев мураскер кылып шоопуру эмес, шоопурунун шоопурун койсо дагы колдойбуз деп айттым. “Эмне үчүн?” дешти. Себеби, Элдик Курултай Конституцияга кирип калса бир жылдан кийин отчётун угуп алабыз. Эй шоопур, иштей албай калдың го. Атамбаевден айырмаң калбай калды, кет деп айтканга укугубуз болот. Биз ким бийликке келет дегенден коркпошубуз керек. Бай, олигарх саясатчылар муну колдобойт. Алар коркот. Анткени, олтурган офисиңди Акаевдин учурунда алып алдың эле, качан кайтарасың?- деп сурайт. Атамбаев өз мөөнөтү бүткүчө ушул идеяны ишке ашырып кетсе, анын мураскери ким болот бизди кызыктырбайт. Анткени, ал ар жыл сайын элдин алдында отчёт берип турат.

— 84 саясий уюм меморандумга кол койдук деп жатасыз. Күч келгенде саясатчылар аркы жээк менен берки жээкке сикирип оюн салып кетчү эле. Өзүңүз деле кол койгон саясий уюмдардын баары артка кайтпайт деп ишеничтүү боло албай жатсаңыз керек?

— 2005-жылы КЭКти, 2008-жылы БЭКти уюштургандардын биримин. Экөө тең президенттер Бакиев менен Атамбаевди алып келди. Азыр ТЭК деп түздүк. КЭК менен БЭКтин төрагалары президент болуп калышты. Мен азыр ТЭКтин төрагасы болдум. Ошондуктан, Бекназаров өзү президент болуш үчүн ушуну түздү деген сөздөрдү чыгарып жатышат. Меморандумга кол койгондордун арасында президенттикке татыктуу жок эле дегенде ондон ашык балдар бар. Эгерде Атамбаев муну ишке ашырбайм десе, өзүбүз олтуруп алып кеңешип, туу кылып алып президенттикке барабыз да, ошол аркылуу ишке ашырабыз. Биз президенттикти талашкан жокпуз, идеяны талашып жатабыз. Идея менен элге баралы деп атабыз. Бир олигархты алдыбызга салып алып, ушунун акчасы көп деп чуркайлы деген жокпуз. КЭК, БЭК түзүлгөндө ондогон уюмдар кол койгон. Ал эми финишке чейин жеткенде он чакты эле калган. Төрага шайлап жатканда дагы сексен төртүңөрдөн кыркыңар калсаңар абдан көбү калды деп айтам дедим. Бул реалдуу эле нерсе. Бийлик дагы “Силер ал жакта эмнеге жүрөсүңөр? Бекназаровго эмне үчүн бардыңар? Тополоңчуларга эмнеге кошулдуңар?” деп чыгат. Бул уюмду жок кылганга бийлик дагы кызыкдар болот. Президент болом деп эми эле атка минип алгандар да жок кылганга ашык болушат. Себеби, чоң уюмга айланып кетип жатпайбы. Алар кыргызга иштей турган жакшы идеяны колдобой, Москвага чуркап жүрүшпөйбү. Айрымдары “Жарым миллион доллар берем, Песков кабыл алып койсун” деп сагалап жүрөт экен. Биз сексен төрттөн жыйырмасы калса да бул идеядан кетпейбиз. Арабызда улутчул-мекенчил патриот саясатчылар топтолгон. Патриот саясатчылар бизге келип кол коё албайт. Алар артын карабай качат. Жаңылып кол коюп алгандар болсо эртең эле кетип калат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: