Menu

Нурсултан Назарбаев: «Жашоо үчүн өзгөрүү керек»

Бөлүшүү:

Коомдук аң-сезимди өзгөртмөйүн, Казакстанда масштабдуу өзгөрүүлөр болушу мүмкүн эмес. Жакында басма-сөзгө жарыяланган, республиканын өзүнүн жашоочулары гана эмес эл аралык эксперттер коомчулугунун бүйүрүн кызыткан Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин макаласынын өзөгү ушуну айтып тургансыйт.

“Келечекке көз караш -коомдук аң-сезимди модернизациялоо” деп аталган макалада Казакстандын коомчулугу келечекке кандай кадам жасоосу керектиги жөнүндө мамлекет башчысынын ойлору камтылган. Технологиялык процесстер, дүйнөлүк экономиканын конкуренцияга туруктуу атаандаштыгы менен коштолгон, күн сайын кубулуп турган келечек тууралуу сөз болуп жатат. Бүгүнкү күндө Казакстандын, жалпы эле планетадагы бардык мамлекет башчыларынын алдында жаңылануу милдети турат деп белгилейт Н.Назарбаев. Дүйнөлүк тенденция, дүйнөлүк өзгөрүүлөр, башкача айтканда доорлор алмашууда, бул Казакстанга таптакыр жаңы деңгээлге өсүп чыгууга уникалдуу шарт түзүүдө дейт.

Азыркы мезгилдеги эл аралык мамиле мамлекеттердин ортосундагы карама-каршылыктуу окуялар менен мүнөздөлөт. Глобалдуу дүйнө өзүнүн учкул динамикасы менен калктын каада-салтына, руханий көрөңгөсүнө негизделген  улуттун өзгөчө типтеги аң-сезимин талап кылууда. Бул шарттарда коомдук руханий-баалуулукту сактоо маселелери биринчи кезектеги мааниге ээ болуп турат.

Өлкөдөгү башталган масштабдуу кайра куруулар, алдын ала коомдук аң-сезимди модернизациялоо менен коштолуу керек деп жазат Президент. Мында ал, бүгүнкү күндө эбегейсиз зор иштер аткарылганын, Казакстан- бүгүн мамлекет катары калыптанганын белгилейт. Бирок күчтүү жана жооптуу улут болуу үчүн, адамдардын аң-сезимин өзгөртүүгө мүмкүндүк берүүчү, мындан да масштабдуу жана фундаменталдуу иштерге киришүүгө убакыт келди дейт.

Жаңы типтеги модернизациялоонун биринчи шарты- өзүнүн маданиятын, өзүнүн улуттук кодун сактап калуу.  Мунсуз модернизация болбогон кеп. Мында өткөн тарыхый тажрыйбага жана салттарга ат үстүнөн мамиле кылууга болбойт. Тескерисинче, жакшы салттар модернизациянын маанилүү шарттары  болуусу керек. Бул жерде Президент коомчулук жана ар бир казакстандык үчүн аң-сезимдүү модернизациялоонун бир нече багыттарын бөлүп көрсөтөт.

Баарынан мурда, бул конкуренцияга жөндөмдүүлүк, жаңы шарттарга жана реалдуулукка көңүл буруу жана ыңгайлашуу, жаңы доор эмне алып келсе, анын жакшысын кабыл алуу. Ар бир казакстандык өзү үчүн регионалдык жана глобалдык рынокто утушка ээ боло турган эң маанилүүсүн бөлүп алуусу керек. Бул бир гана материалдык эмес, интеллект жана билимдин продуктусу. Алардын ичинде эч кандай талаш жаратпай турган компьютердик сабаттуулук, чет тилдерди билүү жана маданий ачыктык өңдүү өбөлгөлөр бар. Ошондуктан “Цифралык Казакстан” жана үч тилдүүлүк программалары, маданият жана конфессиялык макулдашуу программасы – улутту 21-кылымга даярдоонун бир бөлүгү деп белгилейт Н.Назарбаев.

Өзүнүн программалык макаласында, ал көнүмүш адаттарды жана стереотиптерди өзгөртмөйүн модернизациялоо мүмкүн эмес деп, мында башкы багыт –прагматизмди бөлүп көрсөтөт. Өз учурунда улуттун чарбасыздыгы Арал деңизинин жоголушуна алып келип, миңдеген гектар жаратылыш жерлерин экологиялык кырсыктын аймагына айландырган деп белгиленет макалада.

Бул жаратылышка болгон прагматикалык эмес мамиленин ачык мисалы. Муну менен Нурсултан Назарбаев – максат көздөп сарамжалдуу жашоо- бул адамдын прагматикалык мамилеси экенин туюндуруп жатат.  Бул бүгүнкү дүйнөдөгү бирден-бир ийгиликтүү модель.

Мында биринчи кезекте улуттук иденттүүлүктү сактоо абдан маанилүү. Улуттук каада-салт, тил жана музыка, адабият жана үйлөнүү тойдун ырым-жырымдары, бир сөз менен улуттун руху түбөлүк эл менен калышы керек дейт Президент. Бирок айрым архаикалык жана бүгүнкү реалдуулуктагы адаттардан жана азгырыктардан арылуу зарыл. Мисалга, улутту бөлүп жарган регионализмден таптакыр кутулуу керек. Биз мериторикалык коомду түзүп жатабыз, анда ар ким өзүнүн кошкон салымына жана кесиптик сапатына жараша бааланышы керек деп жазат мамлекет башчысы.

Жакынкы он жылдыктарда бардык кесиптердин жарымы жоголот жана мындай учурларда жогорку билимдүү киши гана ийгиликтүү жашай алат. Ошондуктан Казакстан билим берүүнү бюджеттен каржылоо үлүшү боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Эгерде баалуулуктар системасында жаштар үчүн билим алуу турса, анда улутту бир гана ийгилик күтүп турат дейт Н.Назарбаев.

Өлкө Президенти бир гана эволюциялык өнүгүү улутту ийгиликтерге жеткирет деген бекем ишенимде. Бүтүндөй XX кылым революциялар менен өттү. Бүгүнкү күндө революциянын мүнөзү өзгөрдү, ал улуттук, диний, маданий жана сепаратисттик өң-түскө боелгон. Ошондуктан дүйнөдө эмне болуп жатканы тууралуу олуттуу ойлонуу – бул партиялар, кыймылдар, билим берүү системасы, жалпы эле коомдогу дүйнө тааным, идеология жаатындагы жасала турган эбегейсиз зор иштердин бир бөлүгү.

Ошондой эле Президент бери болгондо үч негизги аспектиден келип чыккан аң-сезимдин ачыктыгы тууралуу айтып жатат. Бул ааламдагы, сенин өлкөңдөгү, планетанын сен тараптагы бөлүгүндөгү болуп жаткандарды аңдап билүү. Дагы технологиялык укладдарды алып келе жаткан өзгөрүүлөргө даярдык болуп саналат – ал биздин жашообуздун кеңири катмарын – ишти, турмуш-тиричиликти, эс алуубузду, турак-жайыбызды, адамдык баарлашуу жөндөмдүүлүктөрүн түп тамырынан өзгөртөт.

Н.Назарбаев өзүнүн макаласында белгилүү бир деңгээлде жакынкы жылдарда жасалчу иштердин планын, күн тартибин көрсөтүп жатат. Ал келечектеги жылдарда алты конкреттүү планды санап берип жатпайбы. Баарыдан мурда казак тилин акырындап латиницага өткөрүү зарыл дейт. Бул жерде ашыкпаган ырааттуулук керек. Биз буга этияттык менен көз карандысыздыктын бардык жылдарында даярданып келдик деп жазат ал. Латиницага өтүү зарылдыгы жөнүндө Казакстандын башчысы 2012-жылдын декабрь айындагы элге кайрылуусунда айткан болчу.

Бул ошол учурдан тартып бардык чөйрөдө латын алфавитине өтүүнү – иш өндүрүшүндө, басма иштеринде жана окуу куралдарын чыгарууну – баштоо керек дегендик эле.

Латиница – дүйнөдөгү  басымдуулук кылган графика, аны пайдалануу менен Казакстан дүйнөгө жакын жана түшүнүктүү боло алат. Бул Казакстандын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн арттырат, өлкөнүн эл аралык коомчулук менен кеңири багытта кызматташууга багыт алганын көрсөтөт. Стратегиялык келечекте латиницага өтүү Казакстан үчүн анын кызыкчылыктарына жооп берген ишенимдүү кадамдардан болуп калмакчы.

Улут лидери тарабынан белгиленген экинчи долбоор ”Жаңы гуманитардык илим. Казак тилинде 100 китеп” деп аталат. Анын алкагында Казакстандын коомчулугундагы гуманитардык интеллигенцияны колдоо үчүн гуманитардык кафедралар калыбына келтирилет. Жакынкы жылдарда гуманитардык багыттагы ар түрдүү тилдердеги 100 дүйнөлүк эң мыкты делген окуу китептерин казак тилине которуп, биздин жаштарга дүйнөлүк мыкты үлгүдөгү билим алуусуна мүмкүнчүлүк берүү зарыл дейт Казакстандын Президенти.

Андан ары макалада “ Тууган жер” же “Тууган эл” деген кеңири мааниге жеңил өткөн программа сунушталат. Анын мааниси өзүнүн өлкөсүнө, өзүнүн туулган жерине болгон патриоттук сезимди туюндурат. Президент долбоордун башкы жобосун мындайча белгилейт: Бул билим берүү тармагындагы крайтаануу иштерин уюштуруунун зарылдыгы,  экология жана жакшыртуу, аймактык тарыхты үйрөнүү, жергиликтүү масштабдагы маданий жана тарыхый объектилерди кайра калыбына келтирүү. Программага жергиликтүү бийлик системалык жана уюшкандык менен мамиле жасашы керек дейт казак лидери.

Дагы бир маанилүү обьект – “Казакстандын руханий ыйык жайлары” же окумуштуулары айткандай “Казакстандын сакралдык географиясы”. Мында маселе тарыхый эстеликтерди, имараттарды, курулуштарды бир гана  калыбына келтирүүдө эмес. Маселе, улуттук аң-сезимди Улуу-Тоо, Махмуд Яссауи, Тараздагы байыркы эстеликтер жана Бекет-Ата коргону, чыгыш Казакстандын байыркы комплекстери жана Жети-Суу сакралдык жайлары жана башка көптөгөн жерлерге буруу болуп саналат. Мунун бардыгы биздин улуттук иденттүүлүгүбүздүн уук-керегелери  дейт Н.Назарбаев

Улуттун конкуренцияга жөндөмдүүлүгү көз карашынан алганда өзгөчө мааниси бар кийинки долбоор, “Бүгүнкү глобалдык дүйнөдөгү казак маданияты” деп аталат.  Казакстанды бир гана мунай кендеринин ресрурсу же сырткы саясаттагы демилгеси аркылуу эмес, дал ушул маданияты үчүн жакшы билишет деп белгилейт Назарбаев.

Ата мекендик маданият БУУда алты тилде айтылып турушу керек. Экинчиси, замандаштарыбыз тарабынан жасалган жана жасалып жаткан заманбап маданиятыбыз. Быйылкы 2017-жыл дүйнөгө маданият тармагынан эмнени көрсөтө алаарыбызды аныктаган жыл болушу керек деп белгилейт Назарбаев.

Алтынчы долбоор “Казакстандын 100 адамы” деп аталат. Ал коомчулуктун назарын учурга, замандаштарыбыздын тарыхына багыттоого чакырылган. Бул эгемендик жылдарында ийгилик жараткан ар түрдүү аймактардагы, түрдүү жаш курактардагы, улуттардагы 100 конкреттүү адамдардын тарыхы болуп калмакчы. Алардын айткандары ар кандай статистикага караганда алда канча ынанымдуу деп эсептейт Назарбаев. Биз аларды үлгү көрсөтүү үчүн, турмушка сергек жана объективдүү караш үчүн биздин документалдуу теле көрсөтүүлөрдүн каармандарына айландыруубуз зарыл. Мында бир гана жалпы улуттук эмес, аймактык “100 жаңы жүздөр” долбоорлорун түзүш керек дейт мамлекет башчысы.

Мамлекет жана улут – статикалык түзүлүш эмес, ал өнүгүп бараткан тирүү организм. Жашоо үчүн, аң-сезимдүү ыңгайлаша билүү керек деп белгилейт өзүнүн макаладагы башкы оюн туюндурган Назарбаев. Убакыт токтобойт, демек,  модернизация, тарыхтын өзү – улана бере турган процесс.  Доорлордун жаңы кезеңинде жаңылануу жана жаңы  идеялар аркылуу өзүбүздүн келечегибизди өзүбүз курганга Казакстандын уникалдуу тарыхый шансы бар  дейт Н.Назарбаев өлкөнүн жаштарына кайрылып. Жаңы реалдуулукта жаңыланууга умтулуу- биздин коомдун негизги принциби деген ишенимде мамлекет башчысы. Жашоо үчүн өзгөрүү керек. Ким аны жасабаса, тарыхтын кумуна таптакыр көмүлүп кала берет.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: