Menu

Голландиялык студенттер Кыргызстан туурасында

Бөлүшүү:

Голландия жана Нидерландия деп аталган өлкөдөн 2016-жылы декабрь айларында мага Голландиядагы ХАС университетинин (HAS University of Applied Sciences) агробизнес факультетинин студенти, теги Бразилиялык Фелипе Виллела Кыргызстан жөнүндө, анын жаратылышы жөнүндө кайрылып кат жазыптыр. Нидерландия деген сөз “төмөнкү жер” дегенди билдирет экен. Себеби бул өлкөнүн аймагы деңиз деңгээлинен төрт метрге чейин төмөн.

Мен андан биздин өлкө тууралуу кимден укканын сурадым. Ал Кыргызстан тууралуу аларга сабак берген мугалими Марникс Волтерстин Кыргызстанга болгон сапары тууралуу, укмуштуу кооз өлкө экендигин айтып бергендиги, ошондон бери студенттердин Кыргызстанга болгон кызыгуусу артып, бир курста окугандар жаз айында келүүгө чечим кабыл алышкандыктары жөнүндө катында мага билдирди. Мен ага Арстанбаптын жаңгак-мөмөлүү токойлору, Ысык-Көл, Нарындын кооз жерлери тууралуу жазып жибердим.

Апрель айында Голландиядан 42 студент жана 2 мугалими биздин кооз өлкөбүзгө келишип, болочок кесип ээлери агробизнес болгондуктан Бишкектин айланасындагы күнөсканалар, бал аарычылык иштери, агробизнес биздин өлкөбүздө кандай жүрүп жаткандыгы жана бул багытта келечек муундар кандай билимдерди алып жаткандыктары тууралуу Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин (КУАУ) жүргүзүп жаткан иштери менен ошондой эле анын тажрыйба чарбасына, асыл-тукум чарбаларына барышып болуп жаткан иштери менен таанышышты.

Бишкектен төрт бус менен чыгып Жалал-Абад тарапты көздөй жөнөдүк. Сосновка айылынан өткөндөн кийин тоолорго эрмешкен ийри-буйру жол, кар баскан бийик аскалар, терезеден кирген муздак аба адамдын каңылжарын жарып, көңүл көтөрүлүп, голландиялык студенттер кол телефондоруна айлананы тынымсыз сүрөткө алып жатышты. Төө-Ашууга жакындай бергенде мен айдоочудан келген жолубуз жакшы көрүнө турган бир жерге токтотууну сурандым. Бустан түшкөн студенттер айлананы жаңырта кыйкырып киришти. Төмөн жакты карашып, ушундай бийиктикке бус менен чыккандарына таң калыша тоолордун ак кар баскан чокуларын сүрөткө тарта башташты. Төө-Ашуудагы тешкен тоодон өткөндөн кийин тыныгууга токтодук. Жол четиндеги кар тизеден өтөт. Карды малтай кечишип, карды тоголоктоп бирин-бири уруп киришти. Жолду катар айлана-чөйрөнүн кооздугуна көздөрү тойбой, тарткан сүрөттөрүн социалдык баракчаларына коюшуп, мен мынча “лайк” алдым дешип бири-бирине сүйүнчүлөп отурушту.

Жолдо Токтогул суу сактагыч көлүнүн жээгине азыркы тилде айтмакчы “пикникке” талаада тамактанууга отурдук. Студенттердин кээ бири тамактанууга карабастан дароо чечинип, сууга киришти. Ары-бери сүзүшүп, ырахаттана кыйкырып коюшат. Биз болсо четте “үшүбөйт бекен?” деп аларды карап тамаша кылып турдук.

Кеч кирип, айлана караңгы кирип калганда Арстанбапка келип жеттик. Жамгыр себелеп баштаган экен. Конок үйлөрүнө бөлүнүп, эртең менен кайрадан чогулуп, Кичи шаркыратмага бардык, жолдун жамгырдан сыйгалак болгонуна карабастан андан ары жаңгак-мөмөлүү токойду аралап кетишти. Шаркыратмадан жогору жакта, Арстанбаптыктар “Панорама” деп атаган Арстанбап өрөөнү тегиз көрүнгөн жерден айлананы суктана карап көпкө турушту. Чарчаса да көңүлдөрү көтөрүлүп, Арстанбаптагы жети жүз жылдык эң карт жаңгактын жанына келишип сүрөткө түшүштү

Жаңгак токою боюнча адис, Биология илимдеринин кандидаты Давлет Мамаджанов менен жолугушуу болуп, жаңгак токою тууралуу маалыматтарды алышып, көптөгөн суроолорду беришти. Кыргыз жаңгагынын эмне үчүн орус тилинде дайыма грек жаңгагы деп аталып калышы тууралуу маалыматты алышты.

Кийинки күндөрү Сузак районундагы айылдарда химиялык жер семирткичтерди колдонбостон, табигый жер семирткичтерди колдонушуп жашылча-жемиштерди өстүрүп жатышкан жергиликтүү фермерлердин иштерин көрүшсө, кийинки күндөрү Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорунда дыйкандардын эрте бышчуу картошка, капуста, бадыраң, сарымсактар эгилген аянттарына барышты.

Кыргызстанга келген чет өлкөлүк студенттерге кандай таасир калтыргандыгы тууралуу алар менен чакан маек уюштурдук.

Марникс Волтерс, ХАС университетинин илимий иштер боюнча окутуучусу, Голландиядан:

“Мен 3 жыл мурда Кыргызстанда болуп кеткем. Мага Кыргызстандын эли, жаратылышы аябай жаккан”

— Биздин студенттердин Кыргызстанга келишинин максаттарынын бири, биздин университетте агробизнес, тамак-аш, багбанчылык, жаратылыш, жашылдандыруу боюнча окуу бөлүмдөрү иштейт. 2-курстун студенттери үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын үйрөнүү жана тажрыйба алмашуу үчүн түрдүү өлкөлөргө студенттерди уюштуруп, саякат-окууларды өткөрөбүз. Быйыл Кыргызстанды тандап алдык. Мен 3 жыл мурда Кыргызстанда болуп кеткем. Мага Кыргызстандын эли, жаратылышы аябай жаккан. Сабак учурунда студенттерге Кыргызстандын эли, жаратылышы тууралуу айтып бергенимде алар аябай кызыгып калышты.

Биздин идеябызды университеттин администрациясы да колдоду. Жол кире, жашообузга университет каражат бөлүп берди. Биз Кыргызстанда кайсы уюмдарга барып жолугуу үчүн аларды интернеттен издеп таап алар менен байланыштык. Кыргызстандагы жергиликтүү фермерлер, Кыргыз Улуттук Агрардык Университети, Германия Эл аралык кызматташуу агентствосу, бал аарычылар ассоциациясы, асыл тукум мал чарбачылыгы, Оштогу TES-борбор, Хельветас уюму, Жалал-Абад жана Ош областтарындагы фермерлер менен байланышып, алардын иш тажрыйбалары менен тааныштык.

Мен мурда Кыргызстанда кеч күздө жана кыш мезгилинде болгом. Ошол кезде кар жаап, айлана аппак болчу. Кыргызстандын жазында көрүүнү кааладым. Кыргызстан-өтө кооз, укмуш өлкө. Кыргызстанды бардыгы жакты. Өкүнгөнүм кыргыз же орус тилдерин билбегендигим болду, эл менен алардын тилинде өзүм пикир алыша албадым. Элдин өзү менен алар сүйлөгөн тилде сүйлөшсөң кандай жакшы жактары, кандай жетишпегендиктери бар экенин билесиң. Жолдор мындан үч жыл мурда жакшы болчу, бирок мага жол маанилүү эмес, Кыргызстандын жаратылышы, элинин мамилеси маанилүү.

Роджер Ваттс, ХАС университетинин эл аралык тамак-аш жана агробизнес боюнча окутуучусу, Канададан:

“Кыргызстан мени өзүнүн кооздугу менен аябай таң калтырды”

— Кыргызстан мени өзүнүн кооздугу менен аябай таң калтырды. Укмуштуудай кооз экен. Айыл чарбасы боюнча КУАУда, анын тажрыйба чарбасында болдук. Фермерлер күнөсканаларды иштетишип, шаардыктарды жыл бою жашылча-жемиштер менен камсыздап турат экен. Малдардын сапаттарын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жакты. Араван жана Кара-Суу райондорунда эрте бышчу картошкаларды эккен аянттарда болдук. Адамдар аябай меймандос, кичи пейил экен, башка жактарда мындай меймандостукту кезиктирбейсиң. Тил билбегендигимден адамдар менен кеңири пикир алыша албадым. Кийинчерээк мүмкүнчүлүгүм болсо дагы келем.

Фелипе Виллела, ХАС университетинин эл аралык тамак-аш жана агробизнес бөлүмүнүн студенти, Бразилиядан:

“Мага Кыргызстанда бардыгы жакты, айрыкча жаратылышы”

— Мага Кыргызстанда бардыгы жакты, айрыкча жаратылышы. Бир күндө эле жазды, кышты, жайды көрдүм. Өзгөчө жакканы жаңгак токойлору болду. Токойдо бир гана жаңгак өспөстөн, жапайы алмалар, алчалар, башка дарактардын өскөнү да мага кызык көрүндү. Токойду коргоо жана сактоо керек. Мындай кооз табийгатты, токойлорду башка жактардан көргөн эмесмин.

— Бразилия менен Кыргызстандын ортосунда кандай айрымачылыктар бар экен?

— Бразилия тропикалык өлкө. Жыл мезгилдеринде айрымачылыктар бар. Бул жердин адамдарынын куулук-шумдуктары жок, сылык, меймандос экендиги жакты. Мага жаңгак боюнча окумуштуу Давлет Мамаджановдун жаңгак токойлору жөнүндө айткан маалыматтары жакты. Окууну бүткөндөн кийин жаңгак токоюна, “жаңгак докторуна” (Д. Мамаджанов) келип, токойду дагы жакшыртып, адамдарга жана токойго пайда алып келе турган пландар менен келем. Жаңгак токою өтө жакты. “Жаңгак доктору” менен байланышта болуп, келечектеги пландарды биргелешип иштеп чыгабыз.

Наоми Бернс, ХАС университетинин эл аралык тамак-аш жана агробизнес бөлүмүнүн студенти, Мозамбиктен:

“Мындай бийик ак карлуу тоолорду өмүрүмдө биринчи жолу көрүшүм”

— Мен Кыргызстанда айыл чарбасы жөнүндө семинарларга катыштым. Жашылчаларды сактоочу кампада, күнөсканаларда болдум. Көп иштер кол менен жасалат экен. Адамдардын мээнеткечтиги, ак көңүлдүүлүгү, меймандостугу жакты. Бишкектен Арстанбапка он эки саат жол жүрүп, бийик тоолорду көрдүм. Мындай бийик ак карлуу тоолорду өмүрүмдө биринчи жолу көрүшүм. Токтогул суу сактагычында сууга түштүк. Арстанбаптын жаңгак токойлору ажайып экен.

Мозамбик да жаңы өнүгүп келе жаткан өлкө. Кыргызстан менен экономикалык жана инфраструктурасы жагынан окшоштуктары бар экен. Жаратылышынын кооздугу, бир жеринде кыш болсо, өрөөндөрдө жапжашыл чөптөр өсүп, жайнаган гүлдүү талааларды көрдүк. Бул көргөндөрүбүздү досторубузга, тааныштарыбызга, ата-энелерибизге айтып беребиз.

Сандра Кайза, ХАС университетинин эл аралык тамак-аш жана агробизнес бөлүмүнүн студенти, Германиядан:

“Швейцариянын тоолору да бийик, бирок Кыргызстандын тоолору андан да бийик экен”

— Менин биринчи көргөнүм Кыргызстандын жаратылышы болду. Бус менен жол жүрүп Төө-Ашуу ашуусун аштык. Тоонун чокусуна чыкканда суук экен, үшүдүк, бирок аябай жагымдуу сезилди. Бишкекте жүргөндө күн ысык болуп күнгө күйдүк. Кыргыз элинин меймандостугу, ачык-айрымдуулугу жакты. Бардыгы биз менен сүйлөшүүнү каалашты, бирок тил жагынан кыйналдык. Жардам берүүгө дайым даяр экендиктери жүздөрүнөн көрүнүп турду. Тамак-аштары аябай даамдуу экен. Мейманканада бут кийимиңди кире бериш бөлмөдө чечип кирген адаты жакты, бөлмө таза бойдон турат экен. Мен мындай бийик тоолорду көргөн эмесмин. Кыш мезгилинде миң чакырым жол басып Швейцарияга лыжа тепкени барабыз. Швейцариянын тоолору да бийик, бирок Кыргызстандын тоолору андан да бийик экен.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: