Menu

Ипотека элди сыздатууда

Бөлүшүү:

Бактыбек Шамкеев деген кыйын чыкмабыз жетектеген Кыргыз өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) деген тармагыбыз бар. Негизги максаты үйү жок жүргөн жарандарыбызды турак жай менен камсыз кылуу. Бирок, кантип, кандай негизде, кандай план менен иштеп жатканын эч кимге белгисиз. Ал эми үй алуу максаты менен барган жаштарыбыз нааразычылыгын билдиришүүдө. Кененирээк айта турган болсок, үй алуу үчүн МИКке барган жарандарыбыздан дароо эле, «үй-бүлөдө канча адам иштейсиңер, канча айлык аласыңар» деп сурайт экен, алар маянасын айтаары менен «силердин айлыгыңар ипотека менен үй алганга жетпейт экен» деген орой жообун берип, жолго салат экен. Кызык, азыр мамлекеттин ахвалы барына дайын, бюджеттин көзүн карагандарда чоң маяна жок. Андыктан, башка жолдорун таап, жок дегенде жылуу-жумшак жооп бергенге көнбөйбү? Элге шарт түзбөй, мамлекеттин эсебинен олчойгон айлыкты кемирип отурган мындай компаниянын кимге кереги бар? Бул боюнча кийин да кеңири сөз кылабыз.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: