Кыргызстандагы уюлдук компаниялары 9-майдагы Жеңиш майрамын утурлай ар бир абоненттин тынчын алып: «Баланча номур менен баланча дарекке СМС жиберсең согуш ардагерлерине 20 сом которсоңуз болот» – деген билдирүүлөрүн улам кайталап, бир күндү текке кетирбей жазышты.
Бул быйылкы эле көрүнүш эмес, жыл сайын ушундай мазмундагы катты жиберип келишүүдө. Анан боорукер элибиз: «Ардагерлерден 20 сомду аямак белек» деп СМС келээри менен акчасын которуп жатканына күбө болуп келебиз.
Бирок, калктын капчыгын каккан компаниялар майрам бүткөндөн кийин канча каражат жыйналганы боюнча СМС билдирүү таратып, чогулган акча кайда корогонун айтпаганы өкүндүрүүдө. Мындан сырткары, жыйналган акчанын эсебинен 15-20 ардагерди чакырып сый көргөзүп, анан калса элдин эсебинен чогулган каражатка өздөрүн жарнамалагандары акылга сыйбай турат. Негизи ал каражат ар бир ардагердин чөнтөгүнө түшүп, кем-карчын жабышы керек эле. Тилекке каршы, андайды тескеген органдын жоктугунан, уюлдук компаниялар билген намаздарын окуп жатышат.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ