Menu

Аксы районунда “өзгөчө кырдаалдар” режими кирип ӨКМдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартип жумушун аткарууда

Бөлүшүү:

2017-жылдын 11-12-май күндөрү күндүн катуу ысый баштаганына байланыштуу, тоолордогу карлар ээрип, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айыл аймагы аркылуу агып өткөн Авлетим дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, 17 жерден ашып кетүү коркунучу пайда болгон. Бул жагдай Байкашка-Терек айылында 36 турак-жайга, Арал айылында 43 турак-жайга кооптуулук жараткан. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

Ошондой эле Товар-Сай айылынын Чоң-Таш участкасында Авлетим дарыясына салынган 67 кожолукту тейлеген ички чарбалык автоунаа көпүрөөсүнүн оң тарабын суу жей баштаган.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология агенттигинин Авлетим гидрологиялык постунун маалыматы боюнча  азыркы учурда суунун агымы 30м3/сек жеткен (май айындагы нормасы 18м3/сек).

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Кубатбек Бороновдун буйругу менен КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Абдишарип Бекилов жетектеген ыкчам топ түзүлүп, өзгөчө кырдаалды болтурбоо жана жеринде ыкчам чараларды көрүү максатында, 2017-жылдын 12-майынан бери жеринде иш чараларды уюштурууда.

Андан сырткары, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында иш-чаралардын мерчеми түзүлүп, Аксы райондук Жарандык коргонуу кызматтарына тийиштүү тапшырмалар берилди. Жеринде Аксы районунун администрация башчысы жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгы менен тыгыз иш алып барышууда.

Авлетим дарыясынын жээгин бекемдөө жумуштары 17 участкада жүрүп жатат, жана бул иш чарага КР ӨКМнин менен Жергиликтүү бийлик тарабынан 10 атайын техникалар тартылган. Авлетим айыл аймагында өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тиешелүү күч – каражаттарды жумшайт. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: