Бакиевдин мезгилинде Токмок шаарынын мэри болуп алгачкы капиталын топтогон, азыркы учурда Жогорку Кеңештин төрүндө бакыйган Канат Исаев кайсыл жерге барбасын азыркы бийликке сын айтып, жеке таарынычын билдирип жаткан кези. Канат мырзанын бул кылыгына баш чайкап, таң калгандар бар. Анткени, бул киши сын айтып жаткан азыркы бийликтин арасында эле аралашып, ушулардын көлөкөсүндө өсүп-өнүп, башына бак конгон. Өзү сындаган
так ушул бийликтин тушунда, тагыраагы 2010-жылдан кийин жылдызы жаркырап жанганын өзү деле танбаса керек. Бир эмес эки чакырылышка депутат болду. Катардагы депутат эмес, бакандай бир фракцияны жетектеп, үлкөн партиянын лидерине айланды. Ал ортодо Чуй обулусун башкарып губернатор боло калганга дагы жетишти. Ток этээрин айтканда, башкасы сын айтса да, Канаттын бул бийликке сын айтканга акысы жок эле. Акыл калчап ойлонуп көрсө.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ